30-марттан 31-мартка караган түнү саат 20:00дөн 7:00гө чейин Бишкекте 137 тартип жаран бузгандыгы үчүн кармалды. Алар 18 аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 31-март күнү Бишкек шаарынын комендаты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“Коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар: Ленин району – 26, Свердлов району – 62, Октябрь району – 21 адам, Биринчи май району – 24 адам. Кармалган жарандар райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилген.
Белгилей кетсек, коменданттык саат киргизилгенден бери Бишкек шаарында 739 адам кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ