Menu

Алмас Турдуматов, журналист: “Таттыгүлдүн «оорусу» жалпы кыргыз журтчулугу чалдыккан илдет”

Бөлүшүү:

Таттыгүлдүн «оорусу» жалпы кыргыз журтчулугу чалдыккан илдет. Ал кыздыкы ачыкка чыгып, айтылып кеткени. Ичиндегисин, ойдогусун жазды да. Көп кишилер мындай илдетке чалдыкканын билдирешпейт, жашырышат. Айрымдар оорулуу экенинда сезишпейт, кээде гана симптомдорунан эле байкалып калбаса. Кээде балдарына ата-энеси байкабай жуктуруп алышат. Айрымдардын оорулуу экенин сөзүнөн эмес, аракетинен түшүнөсүн. Таттыгүлдү табалап аткандардын арасында ошол кыздай эле «оорукчандар» жетиштүү. Таттыгүлдү коркутуп койсо болот, бирок “айыктырыш” кыйын. Ал үчүн жалпы журтту “дарылаш” керек. Ошол тууралуу сөз кылбайлыбы…

Алмас Турдуматов

Эсиңиздерге сала кетсек, КР Медициналык академиясынын окутуучусу, жаш окумуштуу Таттыгүл Дооталиева 16-январда “Манас” аэропортуна жакын жайгашкан Дача-Суу айылына самолет кулап түшүп, андан каза болгондор тууралу минтип: “Сарказм үчүн кечиресиңер, алгач укканда капалангам, анан боорум ачыган, эми ойлосом алар өз жерине, түштүккө кетишсин жана ошол жакта жашашсын. Эмне балээ болсо эле түштүктө болот. Жер титирөө жана башка апааттар. Эми Чүйдө самолет куласа да анын алдында Оштуктар калып жатат. Москвада кыздар өрттөнбөдү беле, ошолордун дээрлик баардыгы түштүктөн болушкан. Кандайдыр бир “естественный отбор” , улуттун тазаланышы болуп жатат…” деп жазган.

Редакциядан: Автор туура маселени көтөрүп жатат. Кыргызда “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат”  деген акылман сөз бар. Биз трайбализмдин, регионализмдин өнөкөт оорусун жашырсак ал бир күнү орду толгус өксүккө алып барышы мүмкүн. Таттыгүл Дооталиева жалгыз эмес жана ал асмандан түшө калып эле эл бузар регионалистка болуп калган жок. Аны ата-эне, коом тарбиялады. Ошондуктан коомдун таза күчтөрү мындай орто кылымдардын деңгээлинде ой жүгүрткөн регионалист-трайбалисттерге аёосуз күрөш ачыш керек. Регионалист-трайбалисттер арабызда жүрөт, бирок, алар өздөрүн регионалист-трайбалист сезишпейт. Дайыма өздөрүндөгү бир жаман касиетти башка аймактын өкүлдөрүнө тагып, аларга караганда өздөрүнүн билимдүүлүгүн, акылдуулугун, жакшы сапаттарын баса көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок өксүк комплекси бар адамдар гана өздөрүн-өздөрү башкаларга караганда билимдүү, акылдуу, мыкты көрсөтүүгө далалаттанарын адамзат билет да. Ал эми чыныгы билимдүү, акылдуу, мыкты адамдарды өздөрү эмес башкалар макташат.

Жогорку билимдүү, атүгүл Москвадан, Санкт-Петербургдан окуп келишсе да канында трайбализм-регионализм ойногон, орто кылымдын деңгээлинен көтөрүлө албай жүрүшкөн канчалаган эл бузарлар арабызда. Ошондуктан бизде бир муштумдай түйүлгөн улуттук дух болбой жатат. Улуттук иделогия болбой жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: