Саясатчы катары Камчыбек Ташиев алабарман, ичинде кири жок дардаңбай катары сүрөттөлүп келет. Кээде бала кыял… Анан дагы принципиалдуу, мамлекеттин мүлкүнө кол салбаган тазалыгы бар. Өзгөчө түштүк регионунда кадыр-баркы күчтүү, түндүктө деле башка «регионалист» тилектештерине салыштырмалуу трайбалист катары сыпатталбайт. Оор калибрдеги саясатчы. Президенттик шайлоого аттанып турган чагы. Эгер Ташиев премьер-министр, Сариев президент маанайында тандемге барышып, бир муштумдай түйүлүп, бекем ынтымак менен Чоң казатка аттанышса жеңишти камсыздай алышат. Коомчулукка Камчыке октон жалтанбаган мекенчил экени, айрым досторундай «хапугалык» алдым-жуттумга барбаганы менен айырмаланат. Ток этери, Сариев менен Ташиев тил табыша алышат, себеби, экөө тең жигиттик шертке бекем мырзалар…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ