Menu

Түркмөнстанда ылаңдаган малдын эти арзан сатылууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда сибирь жарасынан мал жапырт түрдө кырылып жаткан маалда, өлкөнүн негизги шаарларында арзан тоок этин саткан учурлар көбөйдү.

Ашхабадда башка региондон эт азыктарын автоунаалар менен ташып келип, соодалап жаткандар арбып баратканы айтылууда. “Бир күндө бир нече жолу келип, базар баасынан эки эсе арзан эт сатып алууну сунуштагандар көбөйдү. Эгер базарда 1 килограмм тоок эти 20-22 манат турса, алардыкы 10-12 манат”,-деди Ашхабаддын Аман аттуу тургуну.

Анын айтымында, алгач борбор калаанын жашоочулары арзан эт сатылып жатканына кубанышкан. Сибирь жарасынан улам мал-жандыктардын кырылып баштаганын угушкан соң, тоок этине болгон талап дароо азайган.

Такталбаган маалыматтар боюнча Түркмөнстандын айрым облустарында ылаңдаган тооктордун этин коомдук тамактануучу жайлар арзан баада сатып алып жатканы айтылууда.

Түркмөнстандын жергиликтүү ММКлары болсо сибирь жарасынан кырылган малдар жана өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат беришкен жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: