Fox News каналына берген маегинде Трамп Twitter колдонууну улантарын, ММКларга ишенбегендиктен күн сайын аккаунтуна бир нече маалымат жазып турарын билдирди.
Twitter аркылуу көз карашын аудиторияга жеткирүүгө ык алган АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп чындыгында twit-билдирүүлөрдү жазууну жактырбаганын айтты.
«Мен twit жасаганды жаман көрөм. Мындан башка дагы көп иштерим бар. Бирок туура маалымат таркатпаган ММКлар менен иштешип атам. Андыктан бул аларга каршы туруучу жалгыз ыкма»,-деди Трамп.
Трамп Fox News каналына берген маегинде ММКлар каршы чыккандыктан, пресс-корпусту Акүйдөн башка жакка которуу демилгесинен баш тартканын билдирди.
«Пресса жинди болуп калды. Мен корпусту которолу деп жатам. Бирок анда ММКдагы айрым адамдар Акүйгө кире албай калат», – деди Трамп.
Трамп Акүйгө кирүүнү каалагандар көп экенин, бирок мындан ары Акүйдөгү маалымат жыйындарына катыша турган адамдарды тандоо зарылдыгын баса белгиледи.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ