2016-жылы Кыргызстандан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөргө сүт азыктарын экспорттоо көлөмү 22 миң тоннаны түздү, бул 2015-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик үч эсеге көп. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов билдирди.
Анын айтымында, мындай көрсөткүчкө жетүүгө атамекендик мал чарба азыктарын өндүргөн 19 ишкананы ЕАЭБдин бирдиктүү тизмесине кирген соң, мүмкүн болду. Ал ишканалардын 8и сүт азыктарын өндүрүү менен алектенет.
Жумаканов ошол эле маалда чет өлкөлөрдөн сүт азыктарын импорттоонун көлөмү азайып жатканын кошумчалады.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бул Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүндөгү жакшы жыйынтыктардын бири экенин белгиледи. Ал өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүү максатында айыл чарба ишканаларына жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерди улантууну тапшырды.
Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болгон. Андан кийин чек аралардагы санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдөр алынышы керек болчу. Бирок Кыргызстандагы оор эпизоотикалык абалдан улам Казакстан ветеринардык көзөмөлдү жоюу боюнча чечим кабыл албай келет. Кийинчерээк кыргыз өкмөтү Казакстандан башка ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгы тең кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдүн алынышына макул болгонун билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ