Исфана шаарынын баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев Исфана шаарына караштуу Ак Булак айылына “Ассафа” кайрымдуулук фонду тарабынан заманбап шарттары менен салынып жаткан жаңы мечиттин курулуш иштеринен кабар алды. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Мечит имамы Алтынбек Карабековдун айтымында учурда мечиттин үстүн жабуу аракеттери көрүлүп, куручулар ички оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү иштерин баштоо алдында. Ал эми 100 кишиге ылайыкташкан жаңы мечит жаз мезгилинин акыркы айларында толук бүтүрүп, ишке берилүүсү пландалууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ