Дүйшөмбү-Худжанд унаа жолундагы кар көчкүдөн улам каза болгондордун саны 5 кишиге жетти. Бийлик күрткүнүн алдында дагы адамдар болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.
Өкмөттүн алдындагы Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин басма сөз катчысы Умеда Юсупова мекеменин куткаруучулары 4 адамдын сөөгүн алып чыкканын ырастады. «Дагы бир адамдын сөөгү кар алдында калган унаанын ичинен табылды. Кар көчкү түшкөн жерде куткаруу иштери уланып жатат жана көчкү алдынан дагы башка адамдар табылышы мүмкүн», – деп кошумчалады ал.
Катуу жааган кардан жана 40ка жакын кар көчкүсүнүн түшүүсүнөн улам Дүйшөмбү-Худжанд унаа жолунун бир бөлүгү жабылып, 100дөн ашык унаа тыгында калды.
Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматына караганда, өткөн ишембиде тыгында калган 500 адам куткарылган. Арасында аялдар, карылар жана балдар көп. Дагы бир аял кар астында калып каза болгон.
Жолду тазалоо иштери да жүрүп жатат. Трассанын айрым тилкелеринде кардын калыңдыгы 10 метрге чейин жеткен. Азырынча Тажикстандын борбору менен түндүгүн бириктирген жолдогу унаа кыймылы качан калыбына келери белгисиз. Синоптиктер көчкү түшүү коркунучу сакталуу экенин билдиришүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ