Парламенттин мурунку депутаты Садыр Жапаров ЖМКларга кол салуу даярдалып жатат деген маалымат бар экендигин тастыктады.
Ал элдик кошуундарга, укук коргоо органдарына маалымат агенттиктеринин коопсуздугун уюштуруу өтүнүчү менен кайрылды. “Мен аймактардан келген колдоочулардан бардык ММК өкүлдөрүн коргоодо уюштуруп, жардам берүүсүн суранам. Бардыгыбыз биргеликте чагымчыл аракеттерди алдын алып, өлкөдөгү тынчтыкты сакташыбыз керек”, – деди Садыр Жапаров.
Журналисттерге жана айрым басылмаларга карата болуп жаткан провокациялар жөнүндө маалымат ар кандай булактардан келип жаткандыгы такталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ