Menu

Улукбек Ормонов, ЖКнын депутаты: «Аза күтүп, кайгырып турган убакта түндүк-түштүк кылып бөлүп, мазактаган сөздөрдү жазуу адамгерчилик эмес»

Бөлүшүү:

— Улукбек Зулпукарович, сиз Таттыгүл Дөөталиева деген Фейсбук баракчасын колдонуучусунун түштүк элин кемсинткен сөзүн комитетте көтөрүп чыктыңыз. Сиз социалдык тармактын активдүү мүчөсү деле эмессиз. Бул маалыматты кайдан алдыңыз?

— Туура, социалдык баракчаларда өтө активдүү олтурбайм. Бирок ал жерге катталып, баардык маалыматтарды ошол жактан алып турам. Биздин комитетте аталган кырсыкты талкуулап жаткан учурда ушул кыз атайын пост жазып, көптөгөн элдин кыжырын кайнатып жатканын байкап калдым. Учурда социалдык тармак абдан активдүү болуп турат. Ошондуктан ошол тармактагы колдонуучулардын элди бөлгөн кызды жемелеп, эмнеге Жогорку Кеңеште маселе көтөрбөйсүңөр деген сунуштар түштү. Мен комитетте бул маселени көтөргөндөн кийин комитеттен укук коргоо органдарына аталган кыздын өздүгүн тактап, жазасын берүүнү талап кылганбыз. Себеби бизде улут аралык, аймактар аралык бөлүнүүгө алып келген чакырыктарды тараткан кишилердин жоопкерчилиги каралсын деген мыйзам бар. Ушул негизги себеп болду.

— Кийин маалыматта белгилүү болгондой ал КММАнын окутуучусу экени маалым болду. Атайын кат менен академиянын жетекчилигине кайрылып көрдүңүзбү?

— Социалдык тармакта анын кайда иштээри жазылган эмес. Аны кийин билдик. Мен бул маселени көтөргөндө ушундай кырсык болуп ар бир кыргыздын кабыргасы кайышып турган учурда табалаган билдирүүнү жазган адам жооп берсин деген ойдо болгон. Мындан кийин дагы ушул маселеге келгенде этият болсо деген оюм бар болчу. Бирок менин сөзсүз түрдө бул кыз түрмөгө камалсын деген оюм жок. Бул жалпы социалдык тармакты колдонуучуларга сабак болсун деп жатам. Ал жерде мени көрбөйт деп эле көрүнгөн нерсени жаза бергенге болбойт деген максатым бар. Азыр кээ бир адамдар бир аялга алыңар жеттиби деп айтып жатышат. Бул жерде ал аялды сөзсүз эле жаза алсын деген максат жок. Ар бир адамдын, жарандын позициясы болуш керек. Ушундай аза күтүп, кайгырып турган убакта алардын туугандарынын абалын ойлоп койбой ушундай сөздөрдү жазуу, адамгерчилик эмес.

— Мыйзам боюнча 8 жылга чейин соттолуп кетиши мүмкүн экен…

— Муну укук коргоо органдары чечет деп ойлойм. Ал кыздын иштен кетиши, мындан кийинки кызматка алынбасын деген шарттардын коюлушу эле ага өтө чоң жаза деп ойлойм. Жалпы коомчулукка ушундай сөздөр мындан кийин жазылбасын деген ойду жеткирүү бул негизги максат. Кайсы бир берененин негизинде камалып кетсин деген ой жок.

 Бирок ал кыз телефонумду жоготуп алгам, башка бирөө жазыптыр деп жатпайбы?

— Анда аны тактап берсин. Бул окуя калтырып койчу иш эмес.

— Түндүк-түштүк маселеси өтө эле ооруга айланып кетти окшойт?

— Бул биз эгемендикти алгандан берки оору. Буга саясатчылар көбүрөөк күнөөлүү. Себеби кыргыз эли бир ууч элбиз. Биз куда-сөөк, бир атанын балдарыбыз. Жакшылык-жамандыкта өзгөчө биригип жакшы сүйлөшөбүз. Анан саясат башталганда эле ушундай ишке өтүп алган жаман өнөкөт, адат болуп алды. Өзүм айтып кетсем Россияда студент болуп жүргөндө Кыргызстандыкмын деген ар бир адам менен жолукканда берээрге ашыбызды таппай калчубуз. Ал Кыргызстандык кайсы гана улут же кайсыл гана жерде болбосун кучагыбызды жайып тосуп алчубуз. Бүгүнкү күндө Воронежде окуп келгендердин коому бар. Өзүмдүн келинчегим дагы Токмоктон болот. Россияда жүрүп үйлөнгөм. Бул маселени биз жоё албай калдык окшойт. Үмүт эми биздин балдарыбызда калды.

— Кечээги болгон кырсык үчүн түндүк-түштүк деп бөлүнбөй эле акча же каражат чогултуп жатышат. Бул кыргыз элинин бөлүнбөстүгүн билдирип турат да…

— Туура, мени кубандырганы дагы ушул. Өзгөчө социалдык тармакта миңдеген кишилер бул туура эмес, эмне деп жатасың деп сөздөрдү жазганы кубандырды. Эми алардын арасында Игорь Трофимовго окшогон ал кыздын сөзүнө кошулгандар пайда болду. Аны мен провокатор деп эсептейм. Ага дагы укук коргоо органдары жазасын бериш керек. Бул боюнча дагы биз укук коргоо органдарынан сурайбыз.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: