Menu

Улан Молдодосов, оор атлетика федерациясынын вице-президенти: «Лозаннадагы сотто Иззат сүйлөп жатып ыйлап жиберди»

Бөлүшүү:

— Улан Өмүржанович, Иззат Артыков менен Швейцарияда өткөн сот иштерине барып келдиңиз. Олимпиада медалын алып калчудайбызбы?

— Баарыңыздар билесиздер, 2016-жыл кыргыз спорту үчүн жакшы-жаман жылдардан болду десек жаңылышпайбыз. Бирок жылдын аягында абдан кыйналып кеттик. Өзгөчө Иззат Артыков менен Усенкан Майназаров абдан катуу сокку алышты. Кыргыз спортуна күйгөн адамдар дагы стресс болду. Медаль алгандан кийин допинг шектелген деп кабар келгенден кийин биз спортчуга допинг берген эмеспиз деп өзүбүздүн позициябызды көрсөттүк. Ошондуктан бүгүнкү күндө, айтып коёюн Дене-Тарбия агенттигинин башчысы таптакыр колдоо көрсөтпөй койду. Ал киши спортту эле сүйлөбөй укум тукумума чейин асылып кирди. Биз деген династиябыз, спортко эмгек кылганбыз. Жаштыгыбыз спортто калды. Кечээ жакында Иззат экөөбүз Швейцарияга барып келдик. Ал жерде укук боюнча жардам керек болуп Австрияда иштеген Айдай деген кыз жардам берип, англисче которуп берип, бекер эле өзүнүн акчасы менен келди. Биз Женевада жүргөндө колдоочулар абдан көп болду. Эжелер, байкелер тамактарын даярдап, жаш балдар машинеси менен бизди ташып жүрүштү. Бул ишти караган КАСС деген арбитраждык соттор чооң уюмдар. Буларды утуш абдан кыйын. Биз ага карабай өзүбүздүкүн жактап, Женевага учуп кеттик. Андан ары Лозанна шаарына машина менен бардык. Баргандан кийин үч арбитраждык соттун өкүлдөрү олтурду. Соттор англис тилинде сүйлөп жатышты. Иззат экөөбүз, Айдай, анан скайп аркылуу биздин бразилиялык жактоочубуз колдоп берди. Телефон аркылуу Канат Аманкулов, Саламат Эргешов Олимпиадага барчу делегацияны коштоп барган Маратов Төлөгөн деген үчөө сүйлөштү. Алар болгону “Майназаровго айтканбыз, Молдодосовго айтканбыз”- деген сыяктуу сөздөрдү айтышты. Мен алардан “Урматтуу соттор, Кыргызстан кайда, Швейцария кайда жатат. Биздин балдар абдан кыйналып барышты. Жакшы колдоп коюңуздар”- деген сөздөрүн күткөн болчумун. Тилекке каршы антип айткан жок.

— Сиздерге сөз берген жокпу?

— Мага сөз бергенде биз баарын билебиз, допингди колдонбойбуз, мелдештерге чыгып турабыз. Чоң мелдештерге чыгып турганда абдан текшеришет. Эми абал ушундай болуп калыптыр, бирок күч бербеген препарат экен. Кандайча кирип кеткенин билбей жатабыз дедим. Менден кийин Иззат сүйлөп жатып ыйлап жиберсе болобу. Анын жанында которуп олтурган Айдай ыйлап жаман болдук. Сот жети саатка созулду. Мен дагы узагыраак болсо, жок дегенде жакшы чечим чыгарып алсак деп ойлонуп турдум эле. Баланын убалына калбай, канча жылдык эмгек жумшаган машыктыруучусу удар алып үйдө жатат. Кандайдыр бир иштер менен кызматынан кетип калды. Акыркы чечимди айтышкан жок. Бирок жактоочулар чечим бир айдан кийин чыгат деди. Жыйынтык чыгарганда булар чын эле Иззаттын допинг ичпегенин далилдейт, ал эми Эл аралык федерация болсо акыркы чечимди чыгарат. Дагы бир айга жакын убакытта чечим чыгып калат.

— Барган-келген жол киреңиздерди төлөп бердиби?

— Бул медаль Азиялык же мамлекеттер аралык эмес, Олимпиадалык медаль. Анан эмнеге олимпиадалык комитет менен спорт агенттик унчукпай олтурушат? Мен такыр түшүнгөн жокмун. Биз Швейцарияга эртең учабыз деген күнү телефон чалсам Женевага чейин учактын билетин алып беришти. Калган тамак-ашын, жатаканасын өзүбүз төлөдүк. Спорт агенттик атайын бизге юристтерин кошуп жөнөтүп жиберсе болот эле да. Эл аралык сертификаттары бар, тил билгендерин жөнөтсө жакшы болмок. Бизде абдан күчтүү спортчулар бар. Бирок ушундай жетекчилик менен чоң спортко чыга алабызбы? Азыркы жетекчинин ыкмасы бирөөнү каралап эле жүрөт. Грецияда согушту токтотолу, ынтымакташалы деп спортту ойлоп табышкан. Гитлер деле олимпиаданын астында согушту токтотуп койгон. Спорт деген бириктирет, достоштурат, ынтымак болот. Бизде бирдеме болсо баарын бизге түртүп салып жатат. Мындай адамдар менен өйдөгө дагы көтөрүлө албайт экенсиң. Көтөрүлөйүн десең олимпиададан медаль утуп келип алып кыйын болуп жатышат деп ойлоп чыга калат. Ошондуктан бул жетекчи менен кантип иштейбиз билбейм. Мага десе пенсияга чейин директор болсун. Отставкасын талап кылбайм. Бирок ал биздей болуп спорттун азабын тарткан эмес. Спорт менен маданиятты өнүктүргөндө гана өлкөбүздү дүйнө тааный баштайт.

 Канат Аманкулов менен жолукканда эмне деди? Эмне болуп пикириңиздер келишпей жатат?

— Ал биз менен таптакыр байланышка чыкпайт, сүйлөшпөйт. Иззат Артыковду кабинетине чакырып акыбалын сурап койгон жок. Эртеңки күндү да ойлонуш керек. Иззат деле адам, алардан муктаждыгы бар. Тартипти көргөн кишилербиз, өйдө жактагы башчыны карап олтурабыз. Башчыбыз тескери кетип жатса кимди карайбыз? Оор атлетиканын улуу машыктыруучусу кызматынан кеткенден бери абалыңар эмне болду деп сурап да койгон жок. Өзүбүз менен өзүбүз кайнап атабыз. Бул жөнүндө ушул бойдон калып калбайбыз. Дагы талкуулайбыз. Башкасын мейли, Молдодосовдордун кланына да тийишип жатыптыр. Өмүр бою баарыбыз спортко эмгек жасап, мамлекеттин туусун көтөрүп келгенбиз. Биз кылган иштин чекесин кылсын, анан сүйлөсүн ошол адамдар.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: