Menu

“Мама” тилин билбеген Марат Аманкулов

Бөлүшүү:

Ушинтип айтпаска аргасызбыз. «Эне тилин билбеген эси жогун аныктайт» деген накыл кепти айткан менен анын маңызын түшүнө албай аткандар эне тилдин кадырына жетмек беле? Ошон үчүн аларга «мама» тили десек түшүнүктүү болот окшойт. «Мама» тилдүүлөр арабызда арбын. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун жаш болсо дагы баш болуп, жогорку кызматтарды жетектөөдө камчы салдырбай иш алып кеткени кубандырат. Бирок, өзү кара көздүү кыргыздын баласы болуп туруп кыргызча билбегени, аракет кылып, эне тилин билгиси келбегени бизди ойлондурат. Дээринде бар жигит үйрөнүүгө далалат кылса, жарым жылда Феликс Куловдой болуп сүйлөп калбайт беле? Тамтаңдаса дагы. Мындайлар кантип кыргыздын көйгөйүн чечүүгө ак ниетин коймок эле? «Эми жаш эмеспи, 60-70ке чыкканча үйрөнөөр» деп өзүбүздү сооротобуз. Айтор, бу чалакайым жигиттин акыбалы начар. Кашайгырдыкы, бирок «мамалаган» Марат мырзада аракет деген нөл болуп атпайбы. Болбосо Александр Костюк, Юрий Бобковдор менен шерине жеп алса деле тезирээк үйрөнөт эле го кыргыз тилин…

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: