Menu

2016-жыл Жалал-Абад шаары үчүн өнүгүү жылы болду

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаары өткөн 2016-жылы өнөр жай продукциясын өндүрүү тармагын эске албаганда бардык тармактар боюнча өнүгүү позициясына чыкты. Бул тууралуу шаар мэриясынын аткаруу комитетинин жыл жыйынтыгын чыгарган отурумунда белгилүү болду.

Мурдагы 2015-жылга  салыштырмалуу шаардагы 16 чарба субъектилери тарабынан жана жеке ишкерлер тарабынан 2016-жылы 151,1 миллион сомдук кошумча өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Ошондой эле  ар түрдү тармактарга  тартылган инвестиция жалпысынан 3 миллиард 206,6 миллион сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 100 пайыз болду. Анын ичинен ички инвестиция каражаты 2 миллиард 962,2 миллион сомду түзүп, өсүү темпи 109,7 пайызга жеткен.

Шаар боюнча айыл чарбасында салыштырмалуу бааларда 253,4 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, мурдагы жылга салыштырмалуу өсүү темпи 103,9 пайызга жеткен. Анын ичинен 87,4 миллион сомдук таалачылык продукциясы, 166 миллион сомдук мал чарба продукциясы өндүрүлдү.

2016-жылдын жыйынтыгы менен салыштырмалуу баада 19 миллиард 839,7 миллион сомдук чекене соода жүргүзүлүп, мурдагы жылга салыштырмалуу өсүү темпи  104,9 пайызга жетти.

2016-жылы салык жана салык эмес төлөмдөрү боюнча жеткирилген план-тапшырма 651,2 миллион сом болсо, аткарылганы 651,2  миллион сом болду. Жеткирилген план-тапшырмадан 2,5 миң сомго көп салык жыйналды.

Жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планы 369 миллион 438,1 миң сом болсо, аткарылганы 375 миллион 353,1 миң сом болуп, 101,6 пайызга аткарылды жана 5 миллион 915 миң сом көп түштү.

2016-жылы капиталдык салымдардын шаар боюнча аткарылышынын жыйынтыгы 596,6 миллион сомду түзүп,  2015-жылга салыштырмалуу 141,6 пайызга өсүү болду.

Шаар мэриясынын аткаруу комитети 2016-жылдагы аткарылган иштерди эске алуу менен 2017-жылга аткарылуучу план-тапшырмалар боюнча токтом кабыл алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: