Орусия батыш өлкөлөрүнүн санкциялары жакында алынат деген иллюзиялардан арылышы керек. Бул тууралуу өлкө премьер-министри Дмитрий Медведев билдиргенин Reuters агенттиги жазды.
“Биздин өлкөгө киргизилген кайсыл бир санкциялар алынат деген иллюзиялардан арылууга убакыт келди. Алардын узакка созулары белгилүү. Кандайдыр бир чоочундардын шайлоосунан, ишке жаңы киришкен чет өлкөлүк жетекчилерден үмүттөнбөшүбүз керек”, – деди Медведев “Бирдиктүү Орусия” партиясынын курултайында.
Батыш Орусиянын Украина каатчылыгындагы ролу үчүн Москвага каршы экономикалык санкцияларды киргизген.
Кремль Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп бир пикирге келип, Барак Обаманын администрациясынын тушундагыга караганда орус-америка мамилелери кыйла жакшырат деген үмүтүн билдирип келген.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ