Бүгүн, 25-майда жеңил автоунаа Алматы шаарынын кире беришиндеги блокпосттун бетон тосмосун сүзүп, натыйжада эки полиция кызматкери мерт болду. Бул тууралуу Алматы шаардык полиция департаменти кабарлады.
“БМВ” үлгүсүндөгү автоунаа бетон тосмону сүзүп, андан соң инерция менен патрулдук автоунаага тийген. Машиненин ичинде эки полиция кызматкери болгон”, – деп айтылат билдирүүдө.
https://www.facebook.com/dvd.galmaty/posts/2802929533163249
Кайгуул кызматкерлеринин бири – 42 жаштагы лейтенант Жалгас Жангазиев окуя болгон жерде мерт болгон. Полициянын сержанты, 1978-жылы туулган Дастан Абдыканов ооруканада өзүнө келбей жан берген.
Полициянын билдирүүсүндө жеңил автоунаанын айдоочусу мас экени айтылат. Ал камакка алынып, бул факт боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.
Алматыга кирүү жана чыгуу жолдору 19-марттан бери карантинге жабылып, блокпосттор орнотулган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ