Жалал-Абад ОИИБдин кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 6 мүчөсү кармалды.
Аталган бөлүмдөн кабарлашкандай, 2016-жылдын 16-декабрында Токтогул районунун 1990-жылы туулган тургунун 7 адам унаанын багажына салып, айыл четине алып барып сабашкан. Анын 2 бутун арматура менен чаап сындырып салышкан. Ага криминалдык пикир келишпестик себеп болгон.
Издөө иштеринин натыйжасында 19-январь күнү Жалал-Абал облустук УККБнын кызматкерлери тарабынан шектүү 7 жаран Бишкек шаарында кармалып, Токтогул РИИБне киргизилди.
Кармалгандардын 7 адамдын алтоосу К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги такталды. Аларга КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-123-234-беренеси менен кылмыш иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилдди. Кармалгандардын 6 мүчөсү мурда да соттолгон.
Булак: Тurmush
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ