Menu

Табылды Акеров: “Жүк бийликтен башка бирөөнүкү болсо, заматта аны элге салып беришмек…”

Бөлүшүү:

40 чукул кишилердин, наристелердин өмүрүн алган учак ACT Havayollari түрк жүк ташуучу авиакомпаниясы “Бул компаниябыздын Бишкекке болгон биринчи учуусу эмес, АСТ Абажолдору Боинг 747-400 тибиндеги учактары Бишкекке 52 жолу учууну ишке ашырган.” деп билдирүү таркатты. Бирок алар жүк тууралуу ооз ачышкан жок. Көз карандысыз саясий серепчи катары айтыңызчы жүк кайсы өлкөгө таандык деп ойлойсуз.

-Маселенин бардыгы тен жүктүн кимге тиешелүү экендигинде болуп жатат. Авиакырсыктан бери канча 10 күн өттү, бирок, жүктүн ээси белгисиз болуп жатат. Ойлоп көрсөңүз 85 тонна жүктүн баасы 25 миллион доллар турат экен. Анан жүктүн ээлери кантип чыдап олтурат. Кандай гана бизнесмен болбосун, эбак эле ыйлап-сыктап жүк меники деп билдирмек да. Эгер жүктүн ээси түрк тараптан болсо, ага эмне шам, жашырынбай эле жүк меники деп айтып чыкмакта.

Бул абал буга чейин айтылып келген эки пикирдин пайдасына ой жүгүртүүнү шарттоодо. Биринчиден бул жүк кыргыз тараптыкы, болгондо да бийликтеги адамдар менен байланыштуу деген пикирди бышыктагандай. Экинчиден, жүк контарбандалык негизде «Манас» аэропортуна ташылып келе жаткан деген пикирдин чындыкка жакын экендигин көрсөткөндөй.

Менимче, бул иште кыргыз тарап эле эмес, Орусиялык баажы кызматында аракеттенген генералдардын да катыштыгы болушу мүмкүн. Себеби, бүгүн Кыргызстан Евразаиялык биридиктин мүчөсү. Ошондуктан, орус генералдары кыргыз бийлиги менен кооперациялашып Кыргызстанды жүктөрдү ары-бери өткөрү үчүн база кылып да колдонуп, пайда табып жатыштары да мүмкүн.

Саясатчылар арасында Кыргызстага кирген товардын кирешесинин 20% орус генералдары менен кыргыз чиновниктери ортосунда бөлүнөт экен деген сөз бар. Анын 15% орус генералдары кетсе, 5 % кыргыз тарап болуп алат экен дешет. ММКларда буга чейин Орусиядан жүктөлгөн 14 (2 ак, 12жышыл) нефритти (бир ак нефрит 15 млн. доллар) Кыргызстан аркылуу Кытайга өткөрүп кеткендигин жазып келишет. Жогоруда айтылгандын баары коррупционерлер Кыргызстанды жүктөрдү ары-бери өткөрүүчү база катары колдонуп жатат деген ойдо бышыктайт. Бекеринен ММКлдар бул товарды орус баажысынын мурдагы башчысы Бильяниновдуку болушу мүмкүн деп жазып жатпаса керек.

-Кыргызстандан мындай иш менен кимдер аракеттене алат?

-Акаев-Бакиевдин заманынан бери эле мындай иштерде президенттин үй-бүлө мүчөлөрү жана анын тегереги активдүү экени белгилүү. 7 апрель революциясынан кийин деле ошол абал сакталууда. Анан калса, А.Батукаевдин Кыргызстандан кызыл дорожка менен чыгарылганы баарыбызга белгилүү. Ошого бул ишти 7 кабаттан бирөөлөр «крышевать» этмейинче ишке ашырыш өтө эле кыйын.

Мисалы, мындай ишке премьер-министрдин да күчү жетпеши мүмкүн. Учурунда экс-пермьер О. Бабанов Түркиядан күлүгүн алып өткөн деген шылтоо менен кызматынан кол жууп калганы баарыбызга белгилүү. Ошондуктан, бул иш Өкмөт башчысынан жогорку баскычтагы саясатчылардын колунан келет деп так айтса болот.

Ошондуктан дагы кайталап айтам, муну бийликтен бирөөлөр «кыршевать» этмейинче аткарууга мүмкүн эмес. Керек болсо, Коопсуздук кызматы да үстүртөн көзөмөлдөп турбаса, мындай контрабандалык ишти аткаруу өтө кыйын. Эгер чын эле контрабандалык товар болсо.

Кыйраган учактын ээси болгон компания «Учагыбызда жеткиликтүү май болгон. Демек май куюга конууга негиз жок болчу дегенди жазышпаса дагы ошону кыйытып айтышты. Бул эмнени билдирет деп ойлойсуз?

-Бул маселеде эки тарап тең өтө этият айтып жатышат. Кыргыз тарап «май куюу үчүн конмок» деген менен, аны далилдеп так айта албай жатышат. Себеби, анда дароо 52 жолу рейс жасап конгон самолетко кайсы компания май куюп турган, канча салык төлөгөн, аэропротко канча киреше кирген, жүк кимдики ж.б. у. с. маселелер көтөрүлөт да. Ансыз деле ЖК комиссиясы мына ушул маселелерге жооп издеп жатпайбы?

МАКтын төрагасы пресс-конференция учурунда да бул маселени күмөндүү калтырды. Ал самолет «май куюга конмок» дегени менен, ал кулаган Дача СУ айылында көпчүлүк май чачырап кеткенин жана анын аз гана бөлүгү куюлуп алынганын айтты. Б. а. Дача Су айылында балдардын майдын жытына уулангандыгы чындык экендегин кыйытып койду.

Кыйраган учактагы жүктөрдөн кыргызча инструкциялар табылып атканын эмне деп «жорусак» болот.

-Самолеттогу жүктөрдөн, б. а. товарлардан кыргызча инструкциялардын табылып жатканынын себеби, бул жүктүн Еворазиялык биримдиктин рыногуна багытталгандыгын билүүгө болот. Себеби, Кытай жана башка Азия өлкөлөрү дал ушундай эле ыкма менен өз товарларын Батыш өлкөлөрүнө киргизишери илгертен белгилүү.

Бул жол менен Евробиримдиктин бир мүчөсү товардын Кыргызстандан чыккандыгын бышыктагылары келген десек болот. Б.а. бул коррупционерлер Кыргызстандын территориясын товарларды ары-бери өткөрүүчү база катары колдонуп жаткандыгынын далили десем болот.

Кыргыз бийлиги, АСТ Абажолдору компаниясы буга чейин 52 жолу Гонконг-Бишкек багытында гана жүк алып келип жүргөн болсо анда расмий документтерин көрсөтсүн деп эмне үчүн азыркыга чейин талап кыла элек?

-Бул окуяда бийлик көп нерсени жашырып жаткандай көрүнүүдө. Бардыгын жаап, жашырууда. Мисалы, майдын жытына балдар ууланып, оорукананга жатып калса да, бийлик эч ким ууланбашы керек болчу деп билдирүүлөрдү таратып жатпайбы? Мунун өзү бул иш өтө үлкөн саясатчылардын, балким президенттин тегерегиндеги адамдар менен байланыштуу деген пикирлерди жаратып жатат.

ММКларда буга чейин аэропротто май куючу компаниясы бар экен деп шектелген президенттин тегерегиндеги саясатчылар, депутаттардын аттары да кайрадан айтылып, ушулардын катышы бар деген божомол пикирлер улам-улам жаңыланып чыгып жатат.

Себеби, бул кырсыктын алгачкы сааттарында эле самолетко ошолордун компаниясы аркылуу май куюлса керек, ошондуктан баары жашырылып жатат деген сөздөр тарай баштады. Бийлик канчалык жаап жашырган сайын, ошончолук күмөндүү пикирлер жарала берет.

Мындайда тескерисинче, тез арада элди туура багытта кабардар кылып, ар кандай сөздөрдүн таркалышына бөгөт коюлушу керек. ЖКнын комиссиясына канчалык тоскоолдуктар келтирилсе, ошончолук бул иш күмөн жарата берет.

Бул окуя да Батукаевдин сценарийиндей көмүскө калып акырына чыкпайт деп ойлойсузбу?

-ЖКнын комиссиясы ак иштесе, анда тыкыр текшерилип, акырына чейин чыгат. ЖКнын комиссиясынан башка структуралар ишеним арттырбайт. Эл аралык комиссияга деле ишенүүгө болбойт. Себеби, алар өткөргөн пресс-конфренцияда анын төрагасы самолеттун абалын эле айтпастан, жүк жөнүндө да билдирүүлөрдү тартып жатты.

Б. а. ал жүктүн туркиялык бизнесмендерге таандык экендигин айтып, жоошуркатууга өттү. Туркиялык бизнесмен жашырынып эмне кылмак эле? Ал эбак эле менин товарым деп айтып чыкмакта. Аны антип айттырууга биздин бийликда кызыкдар болмок. Себеби, анда бардык түйүндөр ачылып, маселер чечилип кетпейт беле. Ошондуктан, бул жагдай да жүктүн кыргыз чиновниктерине таандык деген пикирди бышыктагандай.

Бизге орустар менен казактар ишенбей жатат. Силердин ушундай «черный дыранар» бар. Авиа жол менен кургак жол менен бизге ар кандай контрабандалык товарларды киргизип жатасыңар деп ачык айтышпаганы менен президентибиздин бетине тар жолугушууларда айтып жатат. Билбесеңер билип алгыла-деп, Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Мындан улам бизде ушундай контрабандалык жолдор менен «миллиондор» жүгүртүлүп жатканын коңшу өлкөнүн башчылары небак эле билген десек болобу?

-Кыргызстан Евразаялык биримдикке кирээрде көп сындар айтылган. Мен да айттым эле. Орусия өзү коррупциялык өлкө болуп жатса, биз кирсек, анда коррупционерлер бири-бири менен кооперацияланып, товарларды ары-бери өткөрүп байууга өтөт деп. Мына эми ошол нерселерге күбөө болуп жатабыз. Орусия президенти Путинге маалымат түшүп жатат. Ошондуктан, ал 2016 жылы бажы кызматынын лөктөрүн жумуштан алып ыргытты.

Кызматтан кол жуугандардын арасында президент Атамбаевдин достору да бар эле. Мисалы, бажы кызматынын башчысы Бильянинов. Орусия, Казакстан биздин өлкө аркылуу өтүп жаткан контробандадан тажап жатат десем жанылбайм.

Учактагы жүк 87 тоннанын түзүп жаткандан кийин, ал май куюуу үчүн келген күндө да эмне жүк жана кимдики кандай жол менен кетип бара жаткандыгы тууралуу кайсы кызматтар камсыз болуш керек, анткени балким кандайдыр биржарылуучу зат жүктөп бара жатса деле биз кондура беребизби?

-Туура. Ошондуктан айтып жатпаймынбы, бул иште Бажы, Коопсуздук кызматынын да кызыкчылыктары болушу мүмкүн. Себеби, булар Кыргызстанга кирип жаткан ар бир товарды текшере алат. Коопсуздук кызматы анын кандай негизде кирип жатканын билип турушу керек. Түз болбосо да кыйыр түрдө текшгерип, көзөмөлгө алып коюшу мүмкүн.

Кара жащиктеги аудио жазуулардын эмне жөнүндө экендигин так бурмаланбай эл толук маалымат менен кантип камсыз болот?

-Бул маселе эл аралык комиссиядан көз каранды. Алар бул ишке кандай мамиле кылат. Чынын айтканда, адистердин айтымында бул өңдүү самолеттор 400 метрлик бийиктикте эле конууга бет алат. Комиссиянын төрагасы муну так жана туура айтты көрүнөт. Демек, самолет диспетчер менен сүйлөшүп, 400 метр калганда коно баштаган. Ал эми 60 метрден ылдыйлай баштаганда, учкучтар самолеттун туура эмес конуп жатканын байкап калып, кайра көтөрүп кетиши мүмкүн. Бирок, ошол күнү калың туман болуп, тоскоол болушу мүмкүн эле.

Балким, ошого самолет кайра ойдо көтөрүлө албай калган. Себеби, ал шоссисин чыгарып алган, анан шоссиси менен жерге урунган. Шосси жерге тийгенде самолеттун тумшугу инерция менен жерге катуу урунуп, ал экиге бөлүнүп кетиши толук мүмкүн экенин айтышат. Анан калса, самолет кайра көтөрүлө албай калышына, анын жүгү тоскоол кылышы мүмкүн. Жүк да оордук кылып койсо керек. Ошондуктан, самолет шоссисин учурунда жаап, кайра көтөрүлүүгө үлгүрө албай калса керек. Эгерде чындап эле, самолет кайра көтөрүлүүгө аракет кылса.

 -Кыязы, бул иште бийлик өтө чабалдыкты көрсөттү. Ар кандай сөздөрдүн таралышына өздөрү шарт түзүштү окшойт? Балким, чын эле товар бийликтегилер менен табакташтардыкы болуп жүрбөсүн?

– Менимче, президенттин Аппараты бул иште Атамбаевди уят кылып койду. Аппарат президенттин активдүүлүгүн көрсөтө алган жок. Тескерисинче, аны эмнегедир коруган позицияны ээлегендей болуп, Президентти элге чыгарбай туруп алышты. Эл Атамбаев Дача СУга барбай койду деп, ачык сынга алып жатты. Бул болсо ар кандай сөздөрдүн таркашын камсыз калды. Мунун баарына президенттин Аппараты күнөөлүү.

Алгач, бул жүктү президент Атамбаевдики деп да айтып чыгышты го.

-Ооба. Себеби, самолет кулаары менен Украинанын бир сайтында президент Атамбаевге тиешелүү жүктү ташып келаткан Ганконг – Бишкек каттамындагы самолет «Манас» аэропроттунун жанына кулады деген маалымат чыгып, ал бат эле тарап кетти. Мына ошондон тартып, көпчүлүк жүктү бийлик менен байланыштырып айта башташты. Бүгүн болсо Биринчи леди менен А. Ибраимовду да буга кошуп жазып жатышат. Айрымдар, К.К. аттуу дипломатиялык тармакта кызмат кылган үлкөн чиновниктики экенин жазып жатышат. Ошондуктан, президенттин Аппараты кол куушуруп олтура бербей тез арада, жүктүн кимдики экенин аныктап берүүгө аракет кылышы керек эле.

Анда балким, депутаттык комиссиянын деле кереги жок болмок. Президенттин Аппаратынын тымпыйган позициясы көпчүлүктү күмөн саноого алып келди. Чындап айтсак, 10 күндөн бери жүктүн ээсинин аныкталбай жатканы деле, аны бийликтегилердики деп айтууга мүмкүнчүлүк берип жатпайбы. Бийликтен башка бирөөнүкү болсо. Булар бир заматта аны элге салып берип салышмак да дегендей эле болуп жатат да.

Булак:Каганат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: