Menu

Москва жана Дүйшөмбү кайрадан авиабайланыш маселесин талкуулайт

Бөлүшүү:

Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы авиабайланыш маселелери жума күнү Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда талкууланат.

Жыйынга катышуу үчүн Дүйшөмбүгө Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов келет. Тажик тараптан өкмөт башчы Кохир Расулзода катышат.

Орусиялык ММКлардын маалыматы боюнча тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташууну, билим берүү жана илим, миграция маселелерин талкуулашат. Аны менен катар эки өлкө ортосунда жаралган авиажаңжалды чечүүнүн жолдорун сүйлөшүшөт.

Эки апта мурун Москва авикаттамдар боюнча Тажикстан менен жаңжалды курчутпай турганын жана тажик авиакомпанияларына кошумча тыюуларды салууга ниеттенбестигин билдирген.

2016-жылы 20-декабрда тажик бийлиги “Жуковский” аэропортунан Дүйшөмбүгө сапар алчу “Ямал” авиакомпаниясынын каттамдарына тыюу салган. Буга жооп кылып, Орусия тажикстандык “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын учууларынын жолун бөгөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: