Menu

Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурун болуп, Кремль кимге “ставка” коёт?

Бөлүшүү:

Кайсыл жерге барба “Кийинки президент ким болот?” деген эле суроо. Президент болом, мамлекетти башкарам дегендер толтура. Саясатчысы, серепчиси, артиси, куудулу, малчысы деле президент болсом деген кыялда. Мен болсом деген дымактын көптүгү татыктуу талапкерди тандоого бөгөт коюп жатпайбы. Бүгүнкү президент да кимди мураскер кылып калтырат деген суроо ачык бойдон калууда. Атамбаев өз мураскерин КСДП партиясынын ичинен тандайбы же партияга эч кандай тийешеси жок, бирок көңүлү жакын, бүгүнкүнүн санаалашы болгон адамга ставка коёбу? Азыр КСДП ичинде мураскер болуп калчу делген лөктөр арбын. Ак үйдө эле 5-6 лөк лөкүйүп олтурат. Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков, фракция лидери Иса Өмүркулов, мурунку төрага Асылбек Жээнбеков сыяктуулар. Булардын катарына “молодой” болуп көрүнгөн, президенттин тышкы саясат бөлүмүн жетектеп жүргөн Сапар Исаковдун аты  кошулуп калып жүрөт. Азыркы Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков мураскер болчулардын фаворити. Бирок, Атамбаевдин мураскери анын ордун ээлеп кала алабы? Деги эле азыркы президент жыл аягына чейин өз мөөнөтүн өтөйбү? Бул суроолор да активдешип жатат. Көпчүлүк божомолдор боюнча  президенттик шайлоо күзүндө эмес, жаз мезгилинде мөөнөтүнөн мурун болушу мүмкүн. Мындай болушу толук мүмкүн. Эгер президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурун боло турган болсо кыл чайнаш катуу жүрөт. Азыркы ажо өз милдетин мөөнөтүнөн мурун токтото турган болсо КСДПда кыйын абал жаралышы турган иш. Бирдиктүү командага иштеши да арсар. Бийликтин партиясы үчүн мөөнөтүнөн мурун болгон шайлоо кыйынчылык гана жаратат.

Президенттик так үчүн күрөш КСДПнын, Мадумаров- Келдибеков- Ташиев тобунун талапкерлери, Бабанов, Төрөбаев, Сариевдин ортосунда болору талашсыз. Атамбаев баштаган КСДП кимге ставка коюшу мүмкүн? Сапар Исаковго коё турган болсо, бүгүнкү бийликтин ышпалтасы чыкканы болот. Максимдин алдында кагаз ташып жүргөн Исаковду эл колдошу да күмөн. 7-апрель күнү бүгүн тышкы саясатты аныктап жүргөн Исаков Макс менен АКШда чогуу жүргөнү, азыр “балакайдын” артынан ээрчиген сөздөр мураскерлик бактыга ээ болууга жол ачып бербейт. Андыктан Сапар Исаковду кийинки мураскер болчулардын тизмесинен чийип койсо деле болот. Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков өлкөнү башкарам деген дымагы бар экенин бир да жолу оозунан чыгарган эмес. Андыктан аны да КСДПнын талапкери катары чыгат дегендердин арасына кошууга болбойт. Иса Өмүркулов менен бир тууган Жээнбековдордун бирөөсү тандалышы күтүлөт. Бир туугандардын арасынан да Сооронбай Жээнбековго президент токтошу реалдуулукка жакын. Сооронбай Жээнбеков президент үчүн ыңгайлуу кадр.

Ал эми Мадумаров-Ташиев-Келдибеков тобунун үчөөсүнүн тең электораты бар. Айрыкча түштүк аймакта бул саясатчыларды КСДП лидерлерине караганда көбүрөөк колдошот. Кайсыл гана талапкер болбосун бул топтон чыккан саясатчы күчтүү атаандаш болот. Өмүрбек Бабанов азырынча президенттик шайлоого бара турганы жөнүндө ооз ачпаганы менен катуу даярдык жүрүп жатканын, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жашыра албайт. Бабановдо дагы президент болсом деген дымак күчтүү. Темир Сариев болсо президенттикке бара турганын биринчилерден болуп жар салган. Бакыт Төрөбаев 10-февралда маалымат жыйынын өткөрүп, ошондо президенттик шайлоо тууралуу ачык айта турган болду. “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого барбасын, өлкө башчылыгына дал ушул Бакыт Төрөбаевди сүйрөй турганы айтылууда.

Президенттик шайлоого катышып, добуш алам деген адам 20 млн долларды даярдап коюусу керек. Эсепчилердин эсеби боюнча бул жолку шайлоодо талапкердин куржуну 20 млн доллардан кем болбошу зарыл. Негизги атаандаш боло турган 5 талапкердин 20 млн доллар каражаты да бар. КСДП талапкеринде каржы тартыштыгы болбой турганы анык. Бабановго, Сариевге бул каражат көйгөй жаратпайт. Үчилтик менен Төрөбаев деле бул каражатты таба алышат.

Кыргыз саясатына Кремлдин таасири күчтүү экенин эске алганда, талапкерлердин кимиси Кремлден колдоо таап, алар менен бир пикирге келе алышы чечүүчү факторлордун бири. Ошол үчүн талапкерлер ат тезегин кургатпай, колдоо издөө максатында Москваны көздөй каттап жатышат.  Кремль баардык талапкерлерге ставканы коё бербейт. Москва тарап Сариевге токтолбой турганы, Бабановго ишеним болбой жатканы тууралуу маалыматтар келе баштады. Текебаев Москва лөктөрү менен Бакыт Төрөбаевди сүйлөштүрүүгө аракетин көрүп жатыптыр. Жээнбеков менен үчилтик тууралуу Москванын көз карашы эч бир жерде айтыла элек. Астана дагы бул шайлоого өз таасирин тийгизиши мүмкүн.  Назарбаевдин дагы таасири чоң болот. Ал каржы маселесине колдоо көрсөтпөй шүк олтуруп, байкоо гана жүргүзөт деп бир дагы саясатчы ишенимдүү айта албайт.

Жакын арада ички саясатта чоң өзгөрүү болушу да мүмкүн. Азыркы Өкмөт отставкага кетип, Жээнбеков президенттик шайлоого камылгасын баштайт. Парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген үч фракциянын бирөөсү азыр эле коалициядан чыгуу тууралуу арызын жазып даяр турганы да жөн жерден эмес. Бул алдыдагы президенттик жарышка карата оюндун бири гана. Ушул жуманын башында президент Алмазбек Атамбаев аппарат башчысы Фарид Ниязовду кабыл алып, кабыл алынган Конституциянын текстин жарыялоо тууралуу маселе козгоду. Бул дагы чоң “гонкага” старт берүү алдындагы жасалган ишаарат. Сооронбай Жээнбековдун ордуна ким барат? Буга чейин бир топ маалымат каражаттарында айтылган, ажону агасындай көргөн Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовбу? Ибраимовду Өкмөт башчылыгына алып баруу ажонун, КСДПнын азырынча ою жок экен. Бул орунга негизги талапкерлердин бири катары каралып жаткан Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги каралып жаткан маалымат таң калыштуу болууда. Эгер бул сценарий ишке ашса КСДП күчтүү атаандаштарынын бирин жокко чыгарат. Кабыл алынган Баш мыйзамды ишке киргизе турган болсо спикер менен премьер болуп олтурган адамдар президенттикке ат салыша алышпайт. Атамбаев ишин токтото турган болсо анын ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп төрага олтурушу керек болот. Жаңы сценарий боюнча төрага Чыныбай Турсунбеков дагы ал кезде ден-соолугун чыңдоого мажбур болуп, милдетти Өкмөт башчы алат. Бабанов президенттин милдетин аткаруучу болуп, КСДП талапкерине жеңишти камсыз кылуу үчүн иштеп, шайлоодон кийин 5 жыл Өкмөт башчысы болуп олтурат. Бул саясий технологдор иштеп жаткан сценарийдин бири гана. Буга Бабанов көнөбү? Маселе ошондо.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: