Өкмөттүн аппараты тынчыбай, күн сайын жаңы табылгалар менен ичтен ирип баратканы, бирөө экинчисин тымызын жамандамай оюну күч алып, Сооронбайдын ашыкча баш оорусу күчөгөнү боюнча сөздөр чыгууда. Маалыматка караганда, аппарат жетекчиси Акылбек Осмоналиев ушундайга жол берип, интриганы күчөткөнү айтылат. Чамасы, бул эргул ишинен такшалган кадрларды «тигинин же мунун кадры» деген кине менен такымга тээп, өкмөт башчыга жамандап коюп, тымызын өң-тааныштарын кызматтан көтөрүүгө аракеттенип жаткан өңдөнөт. Арийне мындай тайыз тушүнүктөгү кишилердин аты алыска чуркабашы бештен белгилүү. Ошондой болсо да Сооронбай эртерээк чечим кабыл алып, «вирустардан» тазаланышы керек.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ