Menu

Өктөм Мамаева, Кой-Таштагы операцияда каза болгон подполковник Үсөнбек Ниязбековдун апасы: “Балам өзү кызмат кылган мурдагы президент, башкы командачынын колунан ажал табам деп ойлобосо керек”

Бөлүшүү:

“Альфа” тобу жана ИИМ тарабынан жасалган атайын операцияда каза болгон подполковник Үсөнбек Ниязбеков тууралуу ар кандай сөздөр айтылууда. Албетте, прокуратура, тергөө органдары бул боюнча азыр иликтөө амалдарын жүргүзүүдө. Ошондой болсо да биз маркум Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаевага жолугуп, уулу тууралуу айрым суроолорду бердик.

– Өктөм эже, эң оболу редакциябыздын атынан Сизге жана уулуңуз Үсөнбектин үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

– Рахмат, тагдырдын башка салганына айла жок экен.

— 7-августтун кечинде Кой-Таштагы Атамбаевдин уйүнө жасалган атайын операция учурунда уулуңуз Үсөнбек каза болуп калды. Бул каргашалуу кабарды качан, каерде уктуңуз?

— Мен өзүм 22 жылдан бери Россиянын Санкт-Петербург шаарында жашап, иштеймин. Быйыл Кыргызстанга 25-июлда келген болчумун. Андан кийин чет элдик кыргызстандыктардын мамлекетибиз менен байланышты чыңдоо кеңешинин мүчөсү катары 1-2-августта Ала-Арча резиденциясында президенттин катышуусунда өткөн жыйынга катышып, сөз сүйлөгөнмүн.

Бул иш чара өткөн соң Үсөнбекти отпускага чык, Ысык-Көлгө, айылга барып эс алып келели десем, ал “жибербей атат, азыр кырдаал оор болуп атат”, – деп болбой койду. Начальнигине өзүм барайын, террорчулар кол салган жок го десем да көнбөй койду. Ошондон көп өтпөй эле “Мени командировкага жөнөтүп атат”, – деп 6-августта кадимкидей эрте менен жумушка жөнөп кеткен. Ошол күнү кечинде интернеттен атайын даярдыктагы бөлүк Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнө келиптир деп окуп калдым. Бирок ошол кунү балам үйгө келбей калды, мен болсо эсен-аман болсо экен деп Кудайдан тиленип жаттым. Телефонуна улам-улам чалсам албайт. Эненин тилеги баласынын амандыгы эмеспи, түнү менен кыжаалат болуп, уктабай чыктым.

Эрте менен 8-августта саат алтыда өзү менен чогуу болгон жоокерлер “Үсөн погиб” деп келинчегине айтышты. Бир чети ошол учурда “22 жаштагы жоокер, каза болду” деген да маалыматтар чыгып аткандыктан, өзумдү сооротуп,”ии дагы бир эне күйүткө батты го” деп кейип, ишенбей аткам.

Саат 7-8дерде машина таап келип, келиним экөөбүз ооруканага бардык. Көрсө, Үсөндү түңкү 11де эле тез жардам алып кеткен экен. Бирок кан көп кеткендиктен, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбоптур. Ок өпкөдөн кирип, жүрөктү тешип чыгып кетиптир. Ошол түнү эле 12:50дө столдун үстүндө жан бериптир…

 – Кай жерине, кандайча ок тийген экен?

– Бул жерде мен жагдайды эне катары гана эмес, көп жыл Россияда жашап, террорчуларды кантип кармоо боюнча атайын операцияларды жакшы билген адам катары айтайын, эч качан террорчуларды алдын ала эскертип, “биз силерди кармайбыз”, – деп кулак кагыш кылып барбайт. Тиешелүү маалымат түштүбү, заматта кармашат. Ал эми Атамбаевдин алдын-ала үйүнүн алдына бир машина таш төгүп, куралым бар деп жарыя кылгандыгы террорчулукка барабар болчу. Мындан тышкары Атамбаевдин тегерегинде үчунчү күчтөр болуп, атайын уюштурган болушу да мүмкүн. Алардын максаты – Атамбаевдин өзүн ушинтип мыйзамсыз аракеттерге түртүп, кармап берүү болгон. Ал эмне Гитлерби?

Жанындагы балдардын айтуусунда, булар 10 же 15 жоокер кирип барганда “Келгиле, тынч жол менен сүйлөшөбүз, ким командир?”, – дешиптир. Андан кийин Үсөнбек “Мен командир” деп куралын таштап, колун көтөрүп киргенде колтуктан аткан. Болжолдо кечки саат тогуздарда атса, эки саат, 11ге чейин эч кандай жардам көрсөтүлбөстөн жатып калган.

Эмне үчүн ошол учурда Атамбаевдин тегерегинде болгон Кодуранова, Карамушкина, Равшан Жээнбеков, Кундуз Жолдубаевалар Үсөнбекке тез жардам көрсөтүшкөн эмес же чакырышпаган.?!

– Өзүңүз айткандай, колун көтөрүп, куралым жок деп атса, эмнеге талылуу жерине атышкан? Фашисттер деле өздөрү сүйлөшүүгө чакырган душман тарапты мындай шартта аткан эмес да?

– Менимче, булардын бир кемчилиги, булар өзүбүздүн адамдар деп, ишенип, атып жиберерин күткөн эмес. Болбосо “Альфанын” балдары кол менен мушташса деле баарын уруп чыгып кетишмек. Андыктан элге тынчтык болсун, кырсык болбосун деп, курал да, күч да колдонушкан эмес. Атамбаев тарап ушул жагдайдан пайдаланып кеткен деп ойлоймун. Аларга күчтүү кадрларды жок кылуу керек да. Болбосо өлө турган жерине эмес, бутуна же колуна атып койбойбу.

– Демек, ким атса да, максаты башында эле өлтүрүү болгон го?

– Эми ошондой болуп атат да.

– Үсөнбекти аткан бала кармалып, ал 24 жашта экендиги да айтылбадыбы.

– Мен ага ишенбейм. Ал бала аткан жок. Себеби Үсөнбекти УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев баш болуп, башкалары да чогуу иштегендиктен, жакшы билишет жана таанышат. Атамбаевдин эки сакчысы акча да алышат экен. Башка жактан көзгө атарларды алып келген жок да. Айтор Үсөнбекти ким атса да билген жана атайлап өлтүргөн.

– Эртеси күнү Курсан Асанов менен сүйлөшүү жүргүзүлгөндө Атамбаев айтпадыбы “Менин балдарымды атпайсыңарбы…”, – деп.

– Ии, көрдүңбү, алардын жаны ширин экен. Башканын баласынын жаны ширин эмес бекен, артында алты баласы калды, төрт уул, эки кызы. Кудай эч кимге мындай күндү салбасын, жашым жетимишке келгенде эр азамат уулумдан ажырап калам деп ойлогон эмесмин.

Эми ушул жерден айтып коёюн, Курманжан датканын баласы душмандардын колунан шейит кеткен. Бирок менин балам Үсөнбек өзү алты жыл кызмат кылган мурдагы президент, башкы командачы тарабынан ажал табам деп үч уктаса түшүнө кирбесе керек. Менин минтип айткандыгымдын себеби, өзү эле ошол күнү “Мен гана атып турдум…”,—деп дүйнө жүзүнө жар салбадыбы. Ошондуктан мүмкүн өзү аткан чыгар, бул жагы бизге белгисиз.

– Ал эми ошол күндөрү Атамбаевди коргоп тургандар тууралуу эмне дейсиз?

-Анан учурдан пайдаланып айтып кете турган дагы бир сөз, элибиздин түндүк-түштүк, уруу-уруу болуп бөлүнүүсү туура эмес. Кыргызстан чакан гана мамлекет. Баткенден баштап, Түпкө чейин ар бирибиздин мекенибиз. Мына мекени жок канча улуттар жүрөт. Ошол Атамбаевдин мыйзамсыз аракетин көрүп туруп коргогон жердеши болобу, туугандарыбы же акча үчүн баргандарбы, баардыгына наалат айтам. Булар курсактын кулу экен да, уурулук кылдыбы, маңзат сатып акча таптыбы, баары бир тура. Булардын кесепетинен менин уулумдан тышкары Чүй облусттук милициясынын начальниги Самат Курманкулов да башынан оор жаракат алып, эсине келбей жатат. Буга бир эле Атамбаев эмес, ошол Кой-Ташта аны коргогондор да күнөөлүү. Бетин ары кылсын, эгер сырттан душман кол салса, мекенибизди ким коргойт? Ошол курсактын кулу болгон Атамбаевди коргогондор коргойбу?

– Эже эми уулуңуз тууралуу айтып берсеңиз. Үсөнбек эгиздин түгөйү экен, кандай бала эле, кандай окучу?

– Ооба, менин Асанбек, Үсөнбек деген эгиз уулдарым бар эле. Жалпы үч уул, бир кызым бар эле, эми Асан менен Нурлан, эки уул, бир кызым калды. Үсөнбек аябай жакшы окучу, Оштогу Макаренко атындагы мектепте билим алды. Аны менин атам тарбиялап, окутту. Өзү да тарых мугалими болчу. Эгиз баланы өзүм бага албай, Үсөндү Мырза-Акедеги Бакиров Мама деген атам алып, жети жашка чейин тарбиялаган. Ошондо эле зирек, боорукер, тууган-урукка жакын болчу. Мен да көп китептерди сатып берип, көп окуп, дүйнөлүк аң-сезимдеги бала болуп чоңойду. Орус, чет классикаларын көп окуган.

Кийин Данияр Асанов атындагы аскер окуу жайын 1990-жылы артыкчылык менен бүттү. Андан кийин Политехникалык институттан да билим алган. Асан да Санкт-Петербургдагы аскер окуу жайын бутүп, азыр ошол жакта мени менен чогуу жашайт. Бирок Үсөн өтө токтоо, сабырдуу, кечиримдүү болчу.

– Дегеле Сиз Атамбаевдин президент болушун кандай баалайсыз?

– Бир эле Атамбаев эмес, Акаевдин да президент болушу бул – кыргыз элинин чоң жаңылыштыгы. Анткени биздин азыркы трагедиябыздын башатында ошол киши турат. Ага чейин бийликти алуу үчүн таза иштеп аткан Абсамат Масалиевге КДКнын жетекчилеринин бири Казат Акматов баш болуп жөн жерден жалаа жабышып, 15 жылда аял, балдары менен мамлекеттин байлыгын талап-тоноп, элди жакыр кылып бүтүрдү. Атамбаев деле ошондой бийликти эңсегендердин өкүмзордугу менен келди. Бир чети мындай психикалык ооруулуу адамдын келишине бир жарым жыл президент болгон Роза Отунбаеванын да күнөөсү бар. Ал бул адамдын ушундай оорукчан экендигин билип туруп, президенттикке жеткирбеш керек болчу.

Ушул жеке кызыкчылыгын ойлогон президенттердин кесепетинен бүтүндөй Кыргызстан чоң базарга айланып, бир да иштеген завод, фабрика жок. Булар мамлекетти чет элдик күчтөрдүн революция жасоочу полигонуна айлантып алышты.

Балким,Үсөнбек Атамбаевдер күткөн көп адамдардын өлүмүнүн алдын алып, алардын ордуна өзү курман болгондур.

– Уулуңуздун өлүмүнө кимди күнөөлөйсүз? 

– Албетте, Атамбаевдин күнөөсү тоодой. Ошол эле учурда анын жанында жүргөн Карамат Орозова, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Анвар Артыков, Равшан Жээнбеков жана башкалар да күнөөлүү деп эсептеймин. Себеби алар кой деп, токтотуп коюшса болмок. Булардын аракетине тиешелүү укук коргоо органдары мыйзамдуу чара колдонот деп ишенем.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду Атамбаев эмес, эл шайлады. Бийликке келген соң досунун мыйзамсыз аракеттерин четке кагып, анын өзүн баш кылып, коррупциялашкан кланын кошо жоопко тартуусун да өч алуу эмес, мамлекетти ойлогондугу, элдин ишеничин аткаргандыгы катары баалаймын. Ылайым эле Кыргызстанда акыркы боздогон эне мен болоюн, мындан ары өлкөбүз өнүгүп-өсүп кетсин

Маектешкен Автандил Белеков

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: