Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети жана ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 13-январдан 24-январга чейин Алматы облусунда атайын операциялар өткөрүлүп, жыйынтыгында 15 шектүү адам кармалган. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Өлкөнун Коопсуздук комитетинин расмий маалыматына караганда, терроризмге үгүттөө, террордук аракеттерге катышууга даярдык көрүү, диний кастыкты козутуу жана мыйзамсыз курал сактоо айыбы менен жалпысынан 15 киши камакка алынган. Алар жашаган жерлерди тинтүү маалында 5 граната, эл аралык террордук уюмдардын белгилери, адабияттары жана диний мазмундагы башка маалыматтар табылган.
Азырынча окуянын чоо-жайы жана камалган 15 жарандын аты-жөнү айтыла элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ