Menu

Индира Исманкулова, экстрасенс: “Жаш кыздар өзүнүн атасындай болгон адамдарга дуба окутушат”

Бөлүшүү:

Астрология, нумерология, хиромантия илимин семичкедей чагып, таро жана ленорман картасынын жардамы менен бейтапка төлгө ачкан Индира Исманкулова айым бу жолу сүйүү жана сүйүүнүн керемет сырлары тууралуу  кобурап берди.

– Бүгүн сүйүү жөнүндө сөз кылмакпыз. Сүйүү темасы десе эле бир беткей эки жаштын сүйүүсү деп түшүнсөк болбой калат. Ата-энеге болгон сүйүү, жан-жаныбарларга болгон сүйүү, достук сүйүүсү жана эң орчундуу делген эки жаштын ортосундагы ысык мамиледен жаралган сүйүү. Сүйүү темасына кимдер гана кайрылбаган жана аны кимдер гана даңазалап келбеген. Жазуучулар, акындар, композиторлор, бир сөз менен айтканда, чыгармачыл адамдардын баары бул темага жакындан кайрылышып, роман, поэма, музыкалык чыгармаларды арнашканын билебиз. Ошого карабай сүйүшкөндөр бири-биринин арзуусуна жетпей эки ача жолдо калгандар толтура. “Эмнеге?” деген суроо туулушу мүмкүн. Анткени ортодо үчүнчү адам себепкер болуп, көралбастык айынан дуба окутуп, дубанын күчү, таасиринде сүйүүгө балта чабылып атат. Бүгүнкү күндө ушундай кубулуштар көп катталууда. Мага келген бейтаптардын арыз-муңун угуп отуруп, кээде төбө чачым тик турат. Андыктан ар бир адам өз сүйүүсүн коргош керек. Жапжаш кыздар өзүнүн атасындай болгон бай адамга дуба окутуп, “кара дубачыларга” барышат. Акчасын аябайт, кандай болгон күндө да колунда бар адамдын байлыгына кызыгып, татынакай үй-бүлөсүн бузуп жаны тынат. Бирок, бир нерсени билбей атышат. Адам канчалык башка бирөөгө жамандык каалап, бут тосуп, максатына жеткен күндө да, ал нерсе көпкө узабайт. Кайра өз башына тийет. Жаманчылык чулгап алат. Жаштарга айта турган насаатым, эч качан сүйүү сезими менен ойнобогула. Дуба окутуп, өз максатыңарга жетпегиле. Материалдык кызыкчылыктан жандүйнө кызыкчылыгы баарынан өйдө турарын бөркүңөрдөй көргүлө. Сүйүшкүлө жана бактылуу өмүр сүргүлө!

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: