Казакстанда прокуратура Тенгиз мунай кенинде иштеген жумушчулардын айлык акыны көтөрүү талаптарына карата иликтөө иштерин баштады. Прокурордук инспекциянын жыйынтыктары али белгилүү боло элек.
«Кентек Казакстан Техникал Сервисез» ишканасынын жумучуларынын биринин айтымында, өткөн жума күнү алар маянаны жогорулатууну талап кылышкан, бирок администрация кулак салган эмес.
27-январда 120 жумушчу айлык акыны 50 % жогорулатууну талап кылып, ишке чыгуудан баш тартышкан. Жергиликтүү ММКлардын билдиришинче, сүйлөшүүлөрдөн кийин ишкана жетекчилиги маянаны 12% көтөрүүгө макул болгон, бирок жумушчулар буга канааттанган эмес.
Тенгиз – Казакстандагы эң чоң мунай кендердин бири болуп эсептелет. «Кентек Казакстан Техникал Сервисез» ишканасы негизинен кендеги объектилерге электротехникалык кызмат көрсөтөт. Компанияда 200дөй адам иштейт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ