Menu

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев, Ыйман жылы ыймандай сырыңды ач! Бабанов бензин сатып байыды, Чыныбай ун сатып байыды, сен эмне сатып, кантип байыдың?”

Бөлүшүү:

“Атамбаев бардык жерде “мен бай адаммын” деп мактанып айтып жүрөт. Бай адамдары көп Индияга барып да мен “аябай баймын” деп айтып келди. Кыргызстанда да “мен баймын” дейт. “Мага ал байлыкты кудай берген” дейт.  Мен ушул кезге чейин ал менен кошо эле жүргөн адаммын. Ал мындай байлыкты кайдан алып жатканын таба албай жүрөм да”,  – деп билдирди бүгүн, 31-январда маалымат жыйын өткөргөн Өмүрбек Текебаев.

“Бабанов бензин сатып байыды, Чыныбай ун сатып байыды, Артыкбаев дары сатып байыды, Калык Султанов үй куруп сатып байыды. Баары бир нерсе сатып байышты. Бирөө кирпич чыгарат, бирөө цемент чыгарат, бирөө шебень чыгарат, бирөө эшик жасайт, бирөө пластик терезе чыгарат, бирөө тамак жасайт. Атамбаев эмне чыгарат? Кандай товар чыгарат? Мен билбейм. Мен расмий түрдө Атамбаевге кайрылайын деп жатам: “Быйыл ыйман жылы деп айттыңыз! Ыймандай сырыңызды ачкандан баштабайлыбы? Жомоктогудай байлыкты кайдан алдың? Канча жумуш ордун түздүң? Соцфондго канча взнос төлөйсүң? Канча налог төлөйсүң? Байлыгың каяктан келип атат? Ошол маселени ачык айтайлы. Президент айтсын, мен айтайын, баарыбыз айтсын. Мен Атамбаев бир буюм жасайт экен деп эч уккан эмесмин. Силер да укканыңар жок. Анан “Кыргызавтомаш” , “Автомаш-радиатор” деген бир нече фирмалары бар экен. Анан мен иликтеп көрдүм. Кийин толугу менен документтерди да таратам. Ошол ишканаларда Атамбаевдин 1% да үлүшү жок калыптыр. “Кыргызавтомашта” эң чоң акционер Черных деген адам баштаган 30дай кишилер экен. Ал киши Кыргызстандын жараны эмес болушу мүмкүн. Атамбаев “радиатор жасайт” деп айтып жүргөн “Автомаш-радиатор” ишканасынын да Атамбаевге тиешеси жок экен. Ал ишкана да Россиядагы бир ишкана менен холдинг болуп, ошол жака кирип кетиптир. Атамбаев бир кезде приватташтырып алган заводдорунун участогун участок кылып, темирлерин металлолом кылып, баарын бөлүп-бөлүп сатып жибериптир. Атамбаевде эч нерсе калбаптыр. Атамбаевге кайрылам: Абийир жылы дедиң, Ыйман жылы дедиң, кел, ыймандай сырыбызды ачалы, байлыгың каяктан? Эмне чыгарасын? Картошка чыгарасынбы? Дарбыз чыгарасынбы? Ун чыгарасынбы? Эгер тигүү цехин бар болсо канча кызга жумуш бересин?  Канча салык төлөйсүн? Көмүр казасынбы? Алтын казасынбы? Канча буюмду экспорттоп жатасын? Экспорттогон буюм Кыргызстанга сырттан акча алып келет. Мактанардан мурун мына ушуларга жооп бериши керек.”, – деди Өмүрбек Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: