Бүгүн, 22-июнда Бишкекте өкмөт үйүнүн имаратынын жанында Чүй облусунун тургундары митингге чыгышты.
Аламүдүн жана Сокулук райондорунда 100гө жакын адам басып алынган жерлерди мыйзамдаштырууну талап кылышууда. Тактап айтканда, алар мурда айыл чарба багытындагы жерлерге курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууну суранышууда.
Нааразычылык акциясынын уюштуруучусу Бекназар Айталиевдин айтымында, катышуучулар премьер- министр Кубатбек Боронов чыкмайынча кетишпейт.
“Эгерде премьер-министр бизге келбесе же кимдир бирөөнү кабыл албаса, анда биз бул жерде күнү-түнү турабыз”, – деди ал.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жок. Нааразычылык акциясынын катышуучулары өкмөт башчысынын элге чыгышын талап кылышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ