1-февралдан тарта «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча аткарыла турган аба каттамына билеттерди сата баштады. Билет баасы 1164 сомонини (150 АКШ долларына жакын) түзөт.
Компаниядан кабарлашкандай, “Сомон Эйр” кыш аяктаганга чейин аптасына бир жолудан, андан кийин эки жолудан каттам аткарып турат. Жаңы каттамдын ачылышы менен Тажикстан жана Өзбекстан жашоочуларынын өз ара байланышуусу жеңилдесе, авиакомпаниялар транзиттик каттамдардын аркасы менен географиясын кеңейтет деп күтүлүүдө.
Авиакомпания алгачкы ырааттуу аба каттамын 20-февралда баштай тургандыгы кабарланууда. Эки шаар ортосундагы учуунун узактыгы 45 мүнөттү түзөт. 10-февралда «Сомон Эйрдин» делегациясынын катышуусунда сыноо иретиндеги техникалык каттамды аткаруу пландалууда. Эгер Ташкент аэропорту арзандатууларга макул болсо, аталган багыт боюнча тарифтерди төмөндөтүү мүмкүндүгү да каралат.
Ал ортодо «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы тажик кесиптештеринин учууларды баштоо планы тууралуу эл аралык маалымат каражаттарынан уккандыктарын жана азырынча алар теңтайлаштык негизде аба каттамдарын аткаруунун алкагында эч кандай аракеттерди көрө электигин билдирди. Эки өлкө ортосундагы макулдашууга ылайык, Тажикстандан Өзбекстанга каттамдарды «Сомон Эйр», Ташкенттен Дүйшөмбүгө «Өзбекстан аба жолдору» аткарат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ