Алматыдагы Универсиадада казакстандык биатлончу Галина Вишневская 7,5 чакырым аралыкта жеңишке жетишти. Мылтык атууда Вишневская бир гана жолу жаза тайып, 21 мүнөт 43,1 секундда марага келди.
Экинчи орунду украин биатлончусу Яна Бондарь багындырды. Орусиялык Анастасия Егорова үчүнчүлүктү камсыздады.
Бул арада лыжа спортунун фристайл түрү боюнча казакстандыктар – Юлия Галышева менен Дмитрий Рейхерд дагы алтын медаль тагынышты.
Азыркы тапта казакстандык команда Универсиадада беш алтын медаль топтоду. Мындан тышкары учурда алардын эки күмүш жана төрт коло медалы дагы бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ