Тажикстанда имамдарга жана башка дин кызматкерлерине болгон ишеним акыркы төрт жылда дээрлик беш эсеге төмөндөдү. Бул тууралуу өлкөнүн Ислам таануу борборунун орун басары Рустам Азизи коомдук сурамжылоолордун жыйынтыгына таянуу менен билдирди.
“Сурамжылоо төрт жылдан бери жүргүзүлүп келет. Алгачкы анкеталар элге 2012-жылы таркатылган. Өткөн жылы респонденттер динге байланыштуу бир катар суроолорго жооп беришти”, -деди Рустам Азизи.
Анын айтымында, акыркы жылдары дин кызматкерлерине болгон ынаным кескин төмөндөп кеткен. Эгер 2012-жылы сурамжылоого катышкандардын жарымы аларга ишенсе, былтыр бул көрсөткүч 9,7% чейин азайган.
Рустам Азизи мурда имамдар дин боюнча маалымат берген негизги булак болуп эсептелсе, азыр жарандар бардык кызыккан суроолорун интернеттен эле таап алып жатканын баса белгиледи.
Ошол эле маалда Ислам таануу борбору Тажикстанда диний билим мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен эң эле жогорку деңгээлде экенин, бирок жалгыз илим менен экстремизмди жоюу мүмкүн эместигин билдирүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ