Menu

Парламент өкмөттү алмаштырууну сунуштады

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеште өкмөттү мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү боюнча кол топтоо процесси башталды. Парламентте 2-февралда Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки абал тууралуу өкмөттүк саатта премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун иши боюнча нааразылык айтылды.

Депутаттар өкмөт өзүнө жүктөлгөн милдет-тапшырманы аткара албай жатат деп сынга алышты. Ал арада кийинки премьер болот деген талапкерлердин аттары атала баштады.

Өкмөттүк саатта айрым фракция лидерлерин өкмөт башчынын парламенттин түштөн кийинки жыйынына катышуудан баш тартканы нааразы кылды. Атүгүл Өмүрбек Текебаев менен Сооронбай Жээнбеков кайым айтышканга чейин барды.

“Ата Мекендин” төрагасы Өмүрбек Текебаев өкмөт ЕАЭБге киргенден кийинки абалды жөндөй албай жатканын кескин сынга алып, ишенбестик көрсөтпөө боюнча кол топтоо башталганын маалымдады.

Бул арада “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов азыркы өкмөттүн тагдыры боюнча 3-февралда фракция жыйынында чечим кабыл алынарын маалымдады. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн түшүп кеткени боюнча өкмөттү айыптады.” Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин биздин товар жүгүртүүбүз 19 пайызга азайыптыр. Экспортубуз болсо, валюта түшө турган жагыбыз тогуз пайызга азайыптыр. Орусия менен товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард 280 миллион доллар болсо, ошонун 120 миллион долларлык товар жөнөтөт экенбиз. Калганынын баары Орусиядан келет экен. Орусия менен да, Казакстан менен да тескери сальдо. Өкмөт эч кандай чара көргөн жок”, -деди ал.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев өкмөт башчы азыркыдай оор абалды оңдоп кете аларына ишенбей турганын билдирди. Сооронбай Жээнбековду саясий жоопкерчиликти алып өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБге киргенден кийин айрым бир жылыштар болгону менен кемчиликтер бар экенин мойнуна алды. Депутаттарда келечекте баары ордуна келет деп ишендиргенге аракет кылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: