Шымкентте 35 жаштагы аялына жана 4 жаштагы баласына ВИЧ-инфекциясын жуктурган киши төрт жылга түрмөгө кесилди.
49 жаштагы жаранга карата өкүм 4-февралда чыкты. “Балдарды СПИДден коргоо” коомдук фонду кабарлагандай, иш сотто үч айдан бери каралып жаткан. Айыпталуучу эч жакка кетпөө боюнча тил кат берип, камакка алынган эмес, бирок чечим чыккан маалда ал сотко келген жок.
Айыпталуучу жана жабырлануучулар ВИЧ илдеттүү болгондуктан ысымдары айтылган жок. Соттолгон киши жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөйт. Ошол эле маалда ал бир айдын аралыгында жабырлануучуларга моралдык зыян иретинде бир жарым миллион тенге төлөп бериши керек.
Айыпталуучу мурда соттолгон. 2001-жылдан бери СПИД-борборунда каттоодо турат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ