Menu

Байден расмий түрдө Ллойд Остинди Пентагондун башчысы кызматына сунуштады

Бөлүшүү:

Ллойд Остин

АКШнын шайланган президенти Жо Байден өлкөнүн коргоо министри кызматына Ллойд Остиндин талапкерлигин расмий түрдө сунуштады. Эгер Конгресс отставкадагы генералдын талапкерлигин жактырса, ал Кошмо Штаттардын тарыхындагы Пентагондун алгачкы кара терилүү башчысы болуп калат.

Мыйзамга ылайык, АКШнын Коргоо министрлигинин башчылыгына дайындала турган адам жети жыл отставкада болушу керек. 67 жаштагы Остин пенсияга 2016-жылы чыккан. Буга байланыштуу ага Конгресстин эки палатасынын тең макулдугу керек болот. Буга чейин мындай уруксат президент Дональд Трамптын алгачкы коргоо министри Жеймс Мэттиске талап кылынган.

Остин өзүнүн 40 жылдык карьерасында Куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгынын башчысы жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы күчтөрүн көзөмөлдөө кызматтарында иштеген.

Байден конгрессмендерди Остиндин талапкерлигин болушунча тезирээк бекитүүгө чакырды. Шайланган президенттин айтымында, ал «азыр эң керектүү адам».

Байденди сындагандар Пентагондун башчылыгына жакында эле отставкага кеткен генералды дайындоо — өтө начар белги деп эсептешүүдө.

Байден жакынкы убактарда негизги кызмат орундарына сунуштала турган башка адамдардын аты-жөнүн жарыялоону убадалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: