Menu

Фото – Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде спорттук спартакиада өтүп жатат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде (ЭИУ) 2017-жылдын 2-февралында профессор-окутуучулар курамы жана кызматкерлери арасында өткөрүлүүчү спартакиаданын салтанаттуу ачылышы болду. Бул спорттук иш-чара ЭИУда окуу жай ачылган мезгилден, тактап айтканда 1993-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп келет. Негизги максат – ЭИУ кызматкерлери арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтуу жана жамаат ынтымагын арттыруу. Бул тууралуу ЭИУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы билдирди.

Спартакиада спорттун волейбол, баскетбол, мини-футбол, стол тенниси, чатыраш сыяктуу түрлөрү боюнча мелдештер өтүп жатат. Мындан сырткары, гиря көтөрүү, аркан тартышуу, комбинацияланган эстафета жана бильярд боюнча да мелдештер өткөрүлмөкчү. Командалар окуу жайдын бөлүмдөрү боюнча түзүлүп, агайлар жана эжекелер командалары болуп бөлүнөт. Жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктар тизмесинде өтмө кубок, даражалар боюнча дипломдор жана акчалай сыйлыктар бар, – дейт аталган окуу жайынын ректору, илим доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков.

-Мындай спартакиаданы жыл сайын өткөрөбүз. Бул спартакиадабыз эсеби боюнча 24-сү. Бул иш-чара окуу жайыбыздын турукташып калган жакшы салттары бар экенин айгинелейт. Аларды ЭИУнун Президенти, доктор, профессор Кантөрө Токтомаматов баштап берген. Биздин кызматкерлер бул спорт майрамын абдан жакшы көрүп, башталышын көптөгөн үмүттөр менен күтүшөт. Агай-эжекелерибиздин спорт мелдештери студенттерибиздин да зор кызыгууларын жаратат, – дейт ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: