Menu

Жогорку соттун жаңы үч судьясы ишке киришти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы дайындалган үч судьясын соттук коллегияларга шайлоо тууралуу КР Жогорку сотунун Пленуму болду.

Пленумда Жогорку соттун судьяларынын бир добушу менен Камчыбеков Шерали Равшанбекович жана Токтомамбетов Кеңешбек Божокоевич Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү, Давлетов Айбек Абубакирович Жогорку соттун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү болуп шайланышты.

Ал эми Жогорку соттун судьясы, административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиянын мүчөсү Б.Акматов Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясына мүчө болуп шайланды.

Эске салсак, 2017-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  Президент тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматтарына талапкерлер А.А. Давлетов, Ш.Р. Камчыбеков жана К.Б. Токтомамбетовду жактырган. Отурумда парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, аталган судьялар парламентте ант беришкен.

Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге КР Жогорку сотунун судьялык кызматтарына 5 талапкер сунушталган.

2016-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешип, анын жыйынтыгын жана кошумча алынган маалыматтарды эске алуу менен КР Жогорку сотунун судьялыгынын кызматына 3 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштарына макулдугун берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: