Menu

Тажик бийлиги презденттин уулу мэрликке мыйзамдуу дайындалганын билдирүүдө

Бөлүшүү:

Мамлекет башчынын уулу Рустами Эмомалинин Дүйшөмбү шаарынын мэри кызматына дайындалышы өлкөнүн мыйзамдарына каршы келбейт. Бул тууралуу Тажикстан президентинин алдындагы Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин жетекчиси Жума Давлатов билдирди.

Анын айтымында, Рустами Эмомалинин жергиликтүү жана чет өлкөлүк окуу жайларды аяктагандыгы тууралуу үч диплому бар.

«Жаңы кызматтагы алгачкы күндөрүндө эле ал милдеттерин жакшы аткарып жаткандыгын көрсөттү. Каржы көзөмөлү жана жемкорлукка каршы күрөшүү агенттигин жетектеп турганда дагы ал эч кандай жемеге кабылган эмес», – деди Давлатов.

Анын билдиришинче, мыйзам боюнча шаарлар менен райондордун башчылары үч жылда бир кайрадан даярдоо окутууларына чакырылып турат жана ага Дүйшөмбүнүн мэри да катышат.

Тажикстан президентинин улуу баласы Рустами Эмомали Дүйшөмбү шаарынын мэрлигине ушул жылдын 12-январында дайындалган. Ага чейин өлкөнүн Бажы комитети менен антикоррупциялык мекемесин жетектеген.

Жума Давлатов учурда мамлекеттик кызматтарда иштегендердин 44 пайызын 35 жашка чейинкилер түзөрүн кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: