Menu

Трамп: АКШ соттун чечиминен улам коркунучка кептелүүдө

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп иммиргация тууралуу жарлыктын күчүн калыбына келтирүүдөн баш тарткан соттун чечимин сынга алды. “Сот өлкөнү ушундай коркунучка кириптер кылып жатканына ишене албай турам. Эгер бир нерсе болсо, аны жана соттук системаны күнөөлөгүлө. Кишилер суудай агылып келишет. Жаман!”- деп жазды Трамп Твиттерге.

Сиэтл шаарынын федералдык соту президенттин жарлыгын аткаруу аракетин токтотуу боюнча токтом чыгарган. Юстиция министрлиги чечим боюнча арызданып кийинки инстанцияга кайрылган. Жекшембиде апелляциялык сот мекеменин даттануусун четке какты. Алар Трамтын жарлыгы Конституцияга каршы келет дешүүдө.

Юстиция министрлиги кайрадан апелляция берди. Трамп администрациясы бул сапар жеңишке жетерине ынанууда.

Иммиграциялык жарлыкка президент 27-январда кол койгон. Документте Сирия качкындарын кабыл алууну 120 күнгө токтотуу каралган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: