Menu

Бүгүн депутат Искендер Матраимовдун туулган күнү. Иниси Райымбек кантип куттуктады?

Бөлүшүү:

ММКлар асылып жатып, абдан белгилүү болуп кеткен ЖК депутаты Искендер Матраимов бүгүн 57 жашка чыкты. Ал коллегалары менен иниси Райымбек кантип куттуктаганы жөнүндө азыноолак айтып берди.

“Мен той өткөрөйүн деген оюмда жок. Биздин үй-бүлөдө андай салтыбыз да жок. Белек деле албадым. Депутаттар телефон чалып куттукташты. Иним Райым да телефондон куттуктады. Эң башкысы – ден соолук деп айтты. Азыр кичи мекеним Кара-Суудамын. Калинин айылындагы 320 орундуу мектептин ачылышына катышам. Мындан өткөн белек болобу! Мектептин курулушуна акча каражатын өкмөт бөлгөн. Мурда балдар эски имаратта эптеп окуп жатышты эле, ырас болду”, – деди Искендер Матраимов.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: