Menu

АКШ крымдык журналисттин соттолушун айыптады

Бөлүшүү:

АКШ Крымда “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун журналисти Николай Семенага чыккан өкүмгө ”терең тынчсыздануусун” билдирди. Сот 66 жаштагы Семенаны жикчилдик айыптары боюнча күнөөлүү деп таап, эки жарым жылга шарттуу түрдө кесип, үч жылга иштөөгө тыюу салган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Хизер Нойердин билдирүүсүндө Семена Орусия тарабынан Крымдын аннексияланышын айыптаганы үчүн соттолду. “Биз баскынчы орус бийлигин жолдош Семенага каршы өкүмдү жокко чыгарууга жана журналисттик ишмердүүлүгүн улантууга уруксат берүүгө чакырабыз”, – деген ал. Билдирүүдө Крым Украинанын ажырагыс бөлүгү экени жана Кошмо Штаттар бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгү менен суверендүүлүгүн колдой турганы айтылат.

Семенага карата былтыр жазында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кылмыш ишин козгогон. 66 жаштагы Семенага Крым.Реалии сайтына 2015-жылы жазган макаласы аркылуу Орусия Федерациясынын аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган деген айып коюлган.

“Эркин Европа / Азаттык” радиосунун президенти Том Кент бул сот өкүмүн айыптап, аны Крымдагы орус бийлигинин көз карандысыз ой-пикирлерди кысымга алуу аракети катары мүнөздөдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: