Президент Атамбаевдин жакын досторунун бири, 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин бир топ жылдар Президенттин ЖКдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматтарын аркалап келген Орозбек Молдалиев ажо досу тууралуу тескери пикирге токтолгонун билдирди. Көп жылдар бою Атамбаевдин көзүнүн агы менен тең айланган, бийликте турганда аны менен достугуна салып кыйла манчыркаган аксакал “РухЭш” сайтына берген маегинде мындай дейт: “Алты жыл мурун Алмазбек Атамбаев президенттикке ат салышып жатканда “Эгерде бийликке келсем, ажыдаар болбойм” – деп убада берген. Бирок ал бийликке кумар болуп, ажыдаарды жеңе алган жок; президенттик шайлоо боюнча мамлекет башчысы катары калыс, бейтарап позицияда тура албады. Башкасын айтпаганда да кечээки КСДП-га үзөңгүлөш “ата мекенчилер” кыргый тийген чилдей акыбалга кабылды. Өткөөл мезгилдеги президент Р.Отунбаева белгилегендей, бүгүнкүгө чейинки өлкөдөгү бардык жетишкендиктердин жалгыз автору болуп чыга келди”.
Булак: “Алиби”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ