Menu

Туризмди өнүктүрүү үчүн армян премьеринин үй-бүлөсү 500 миң доллар бөлөт

Бөлүшүү:

Өкмөт чоңдугу боюнча Армениянын экинчи шаары эсептелген Гюмриде туризмди өнүктүрүүнү пландоодо. Өлкөнүн премьер-министри Карен Карапетяндын айтымында, шаарда атайын фонд түзүлөт. Ишкерлерди фондго акча которууга шыктандыруу үчүн өкмөт башчы анын үй-бүлөсү алгачкы инвесторлорду бири болорун билдирди.

«Азыр мен бизнес менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмесмин, ошондуктан үй-бүлөмдү буга салым кошууга чакырам. Үй-бүлөм үчүн инвестициялык пакети 10 млн драмды түзгөн жаңы фонддун алгачкы инвестору болуу чоң сыймык болот», – деди премьер.

Ал үй-бүлөсү фонддун эсебине 500 миң доллар бөлөрүн айтты.

Бүгүн Гюмринин борбордук эки көчөсүндө тарыхый туризмди өнүктүрүүгө багытталган «Кумайри» тарыхый борборун куруу долбоору тааныштырылды. Программаны ишке ашыруу эки жылга созулат.

Анткен менен премьер-министр менен бирге Гюмриге барган ишкерлердин көбү шаардагы туризмди өнүктүрүү үчүн инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришти. Карен Карапетян учурда эч кандай тобокелдик жок экенин жана багыттаманы эртеңден тарта ишке ашыра баштай тургандыктарын билдирди.

Акыркы 10 жылда Гюмри билим берүү, каржы жана спорттук борборго айланып, анда тармактык өнөр жай өнүгүшү керек болчу. Бирок азырынча анын баары кагаз жүзүндө гана калууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: