Menu

Сарымсак сугат тармагы толук бүткөрүлсө, Талас облусунун Кара-Буура районунда кошумча 2000 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-февралда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «2016–жылдын 5–сентябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасындагы Сарымсак ирригациялык системасын өнүктүрүү долбоорун каржылоо жөнүндө кредиттик макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маселе боюнча КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, Сарымсак сугат тармагы толук бүткөрүлсө, Талас облусунун Кара-Буура районунда кошумча 2000 гектар жаңы жерди өздөштүрүүгө жана 1600 гектар айдоо жерди суу менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бул максатта сунушталган долбоордун наркы – болжол менен 16,4 млн. АКШ доллары турат, анын ичинде ИӨБнын насыясы – 13,3 млн. доллар, ал эми КР Өкмөтүнүн кошумча каржылоосу – 3,1 млн. доллар. Белгилей кетчү нерсе, кошумча каржылоо каражаты буга чейин жумшалып бүткөн.

Комитет төрагасы Аскарбек Шадиевдин сунушу менен депутаттар аталган мыйзам долбоорун 3-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: