Menu

Видео – Президентке кайрылуу: “Мегаком”, “Кыргызалтын”, “Манас” аэропорту, бардык мамлекеттик ишканаларда Абылгазиевдин, башка аткаминерлердин туугандары жокпу текшерилсин”

Бөлүшүү:

“Премьер-министрге биз канча жолу жаздык, карапайым кишилердин да билимдүү балдарын мамлекеттик кызматтарга тарткыла деп. Эч кандай жооп жок. Мамлекеттик кызматка туруш үчүн сөзсүз эле премьердин тууган-туушканы болуш керекпи? Бүгүнкү күндө бирөө министрликке жумушка келсе мышык, чычканына чейин ээрчитип келип, кароолчусуна чейин өзүнүн туугандарын коюп жатпайбы. Биз Президентке түздөн-түз кайрылуу жасайбыз”, – деп билдирди бүгүн, 21-майда “Апрель баатырлары биримдиги” коомдук уюмунун өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп жатып.

“Урматтуу Президент! Бүт мамлекеттик мекемелерди, министрликтерди, ишканаларды, акционердик коомдордун баарын ревизия кылып, ким, кандай кадрлар иштейт, кимдин кадрлары, ысымдары, фамилиялары, кимдин тууганы такташ керек. Бир эле министрликте 5тен тууган иштешет экен. Биз өзгөрөбүз десек, туугандык, уруулук адаттарыбызды ташташыбыз керек. Демократиялык жол менен алга жылышыбыз зарыл. Ошон үчүн биз президентке кайрылып кетебиз, ар бир мамлекеттик мекеме-ишканаларды ревизия кылып, тактап, канча кызматкер иштейт, канча айлык алат, кимдер, ким аркылуу кызматка орношкон, ушул маселелерди такташ керек. Андан кийинки маселе, “КТ-Мобайл” ишканасынын директорунун орун басарынын алып жаткан айлыгы, ал “КТ-Мобайлда” акыркы 4 айда иштеп жаткан кызматкерлердин тизмеси, алар ким аркылуу орношкону, кимге тууган болору, кимдин баласы, кимдин жээни экени да аныкталып ачык айтылсын Ошондой эле “Альфа Телекомдо” (Мегаком), “Кыргызалтын”, “Манас” эл аралык аэропортунда жана башка мамлекеттик кызматтардын баарында ревизия кылынып, кимдер иштеп жатканы такталсын. Карап көрсөк Премьер-министрдин туугандары бардык майлуу-сүттүү иштерге жайланып алышыптыр”, – деп кайрылышты Президентке “Апрель баатырлары биримдигинин” өкүлдөрү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: