Түндүк электр ишканасын башкарган Аскар Эшимбеков бийлик деген ушул экен деп, бүт жерге эле өз балдарын тыгып жатканы тууралуу байма- бай айтыла баштады. Кайда барба, “аскарчылар” ишти бажарып жатат дешет. Бир жаман жери ошол тандамалдардын баары эле иш билги, элге күйгөн бирөө болсочу. Чоң болот деген ушул деп эле чокчондоп жатышыптыр. Мисалы, Бишкектин Октябрь районун тейлеген Бекжан деген баласы абоненттерди коркутуп-үркүтүп, теңине албай тескери кеткени, айына жүз миңге чейин электрге каражат төккөн белдүү кардарларды коркутуп, “керек болсо светти кыйып таштайм” деп каарыганын айтып келишти. Кызык, ушундай кадрлар бизди жетектесе иш бүткөн экен да. Балким эсиң барда этегиңди жап болуп, Аскар Эркинович балдарын кой-ай деп коёор бекен?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ