Menu

Жалал-Абад: Балдардын коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги күчөтүлүшү керек

Бөлүшүү:

Балдардын, анын ичинде мектепте, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окуган өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн билим берүү мекемелери тийиштүү мамлекеттик органдар, коомдук институттар менен чогуу иштеши зарыл. Ошол эле кезде балдардын коопсуздугу, коомдогу абалы үчүн биринчи кезекте ата-энелердин, үй-бүлөнүн да жоопкерчилиги күчөтүлүшү шарт. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэриясында өткөн тегерек столдун катышуучулары ушундай жыйынтыкка келишти.

Шаар мэриясы акыркы кездерде интернет айдыңындагы айрым кооптуу оюндардын кесепетинен балдардын жабыр тартып жатышы боюнча атайын тегерек стол уюштуруп, шаардагы мектеп директорлорунун, ата-энелер комитеттеринин, массалык маалымат каражаттарынын, ички иштер жана прокуратура органдарынын, атайын кызматтардын, аксакалдар жана аялдар кеңештеринин, жаштар иштери боюнча комитетинин, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кеңири талкуу болду.

Талкуу учурунда өлкө аймагындагы өспүрүмдөр арасындагы кооптуу абалга баа берилип, жаш өспүрүмдөр кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ата-энелер менен педагогикалык жамааттын чогуу иш алып баруусу, мектептерде окуучулардын интернетке жалгануучу кымбат балуу уюлдук телефон аппараттарын алып жүрбөөсү, аларды пайдаланууда үйдө да чек коюу, окуучуларга үй-бүлөлүк коопсуз режимин түзүү жана ата-энелер тарабынан көзөмөлдү күчөтүү, мектептерге психологдордун иштешин камсыз кылуу сыяктуу бир катар орчундуу маселелер боюнча пикир алышуулар жүз берди.

Тегерек столдун көпчүлүк катышуучулары мектептерде, окуу жайларында талаптагыдай иштер алып барылып жатканын, бирок балдарга биринчи кезекте ата-эненин, үй-бүлөнүн көзөмөлү, тарбиясы зарыл экенин, бул жагынан алганда абал өтө кейиштүү болуп жатканын белгилешти. Ошондуктан, атайын мыйзам актылары аркылуу балдардын ар тараптуу коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү сунуштары берилди.

-Бул талкуу биз үчүн өтө пайдалуу болду, анткени ар кайсы кызыкдар тараптар бири-бири менен ушул багытта иш алып баруу жагын чечип алышты. Ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жергиликтүү бийликтер чече турган, жогорку органдар карай турган бир катар жөндүү сунуштарды беришти. Эми биз атайын иш-чараларды түзүп алып, иштин натыйжасына умтулабыз, – дейт шаардын социалдык иштер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева.

Эскерте кетсек, шаар мэриясы буга чейин эле жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча шаарда бир айлык жарыялап, атайын иш-чараларды иштеп чыккан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: