Кабулда Ооганстандын Жогорку сотунун имаратынын алдындагы жардыруудан кеминде 20 киши мерт кетип, дагы 48и жаракат алды.
Бийликтин маалыматы боюнча каза болгондордун арасында аялдар менен балдар да бар.
Полициядан билдиришкендей,7-февралда жөө жанкечти унаа токтотуу жайында соттун кызматкерлери автобуска отуруп жаткан маалда жардыруу жасаган.
Азырынча кол салууга эч ким жоопкерчилик ала элек, бирок Талибан кыймылы 2013-жылы сот имаратына ушундай эле чабуул жасап, жыйынтыгында 13 жай тургун каза болгон.
2016-жылы Ооганстанда зомбулук аракеттеринин жыйынтыгында дээрлик 11 жарым миң жай тургун каза болуп же жаракат алышса, алардын үчтөн бирин кичинекей балдар түзгөн. Мындай маалыматты 6-февралда БУУ жарыялады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ