Menu

Баткен облустук соту 2016-жылдын жыйынтыктарын чыгарды

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-февралда 2016-жыл ичиндеги Баткен облусундагы жергиликтүү соттордун жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р. И.  Ибраимовдордун катышуусунда Баткен областтык сотунда болду. Бул тууралу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмени Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары Сооронбай Карабаев ачып, областтык соттун судьялары, райондук жана шаардык соттун төрагалары, судьялары менен тааныштырды.

2016-жыл ичинде Баткен областтык сотунун соттук коллегиясына кассациялык жана апелляциялык тартипте шаардык жана райондук соттордон  баардыгы болуп 381 иш келип түшкөн. Апелляциялык  тартипте 92 жазык иши 118 адамга карата, кассациялык  тартипте  26 иш 27 адамга карата  каралган.

Ал эми жыл ичинде жарандык иштер боюнча каралган иштердин негизин доону өндүрүү, жумушка кайрадан орноштуруу, турак жайдан мажбурлап чыгаруу сыяктуу иштер түзгөн.

2016-жылы апелляциялык жана кассациялык тартипте кароого биринчи инстанциядагы соттордон жалпы 381 иш келип түшкөн.

КРнын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева өз сөзүндө сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажырыйбага жетишүүнү, коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууну, сот ишиндеги процессуалдык нормаларды сактоону, коррупцияга бөгөт коюну жана башка бир катар тиешелүү маселелерге, өзгөчө мамлекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөөгө токтолду.

Ошондой эле Жогорку соттун Төрайымы Айнаш Токбаева 2016-жылы Баткен облусундагы  судьяларынын ичинен сот адилеттигин ишке ашырууда жакшы көрсөткүчтү бере алган Баткен облустук сотунун судьясы Алибаев Бактыяр Маликовичке алкыш жарыялады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 66 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: