Menu

“Дордой” футбол клубу төртүнчү ирет Супер Кубоктун ээси болду

Бөлүшүү:

14-июлда Ош шаарынын Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионунда футбол күйөрмандары үчүн майрамдык маанай өкүм сүрүп, кыргыз футболундагы эки мыкты команда Бишкектин даңазалуу "Дордой" футбол клубу менен Оштун айтылуу “Алай” футбол клубунун ортосунда Кыргызстандын Супер кубогу үчүн беттешүү болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти жана «Дордой” футбол клубунун вице-президенти Ырысбек Мааткабылов билдирди.

Курч таймашунун жыйынтыгында оюн 2:1 эсебинде "Дордой" футбол командасынын пайдасына чечилди. Алгач “Алай” командасы жергиликтүү футбол күйөрмандарынын сүрөөнгө алуусу менен чабуулга өтүп, демилгени колго алууга абдан аракет кылышты. “Дордойдун” дарбазачысы Павел Матяш чеберчилигин көрсөтүп, чабуулдун мизин кайтарууга жетишти. “Дордой” командасынын жарым коргоочулары Кайрат Жыргалбек уулу менен Фархат Мусабеков “Алайдын” чабуулуна жооп кылып, активдүүлүгү менен айырмаланышты. Оюндун 19-мүнөттө Фархат Мусабековдун көтөргөн тобун чабуулчу Артур Валиков башы менен “Алайдын” дарбазасына таамай сүзүп киргизүү эсепти ачып, “Дордой” алдыга озду.

Талаа ээлери намыстанып, 29-мүнөттө “Дордойдун” чабуулчусу Азамат Байматовдун каталыгынан пайдаланып, эсепти теңдөөгө абдан ыңгайлуу учурду колдон чыгарышты. “Алайдын” чабуулчусу Кожо Жоэли “Дордойдун” дарбазачысы Павел Матяш менен жекеме жеке чыгып, абдан кооптуу кырдаалда Матяш дарбазага топ киргизбей сактап калды. Беттешүүнүн 43-мүнөтүндө “Дордойдун” оюнчусу Сагынбаев ордодогу калыстан эскертүү алды.

Ошондой эле беттешүүнүн биринчи таймынын акыркы мүнөттөрүндө “Алайдын” оюнчулары эсепти теңдөөгө далатат кылышты. Алардын чабуулчусу сүзгөн топту Павел Матяш тосуп калды.

Экинчи тайм дагы курч мүнөздө өтүп, командалар алым сабак чабуулга өтүүгө аракет кылып жатышты. 46-мүнөттө аз жерден “Дордойдун” дарбазасына топ кирбей калды. Беттешүүнүн 51- мүнөтүндө гана “Алай” командасынын аракетинен майнап чыгып, Талипов таамай берген топту чабуулчу Мирбек Акматалиев “Дордойдун” дарбазасына багыттап, эсепти 1:1 кылып теңдөөгө жетишти. Андан кийин демигени “дордойчулар” алышып, чабуулга өтүп жатышты. Жарым коргоочу Кайрат Жыргалбек уулу активдүүлүгүн көрсөтүп, айып аянтчасына жакын жерден “Алайга” кооптуу жагдайды жаратып, аз жерден эсепти көбөйтүп кое жаздады. Ал эми “Алай” футбол клубунан күйөрмандардын купулуна Талипов толуп, чебер оюну менен адистердин көңүлүн бурду. Ошондой эле 73-мүнөттө жаштык жалын натыйжасын берип, “Дордойдун” жарым коргоочусу Фархат Мусабековдун берген тобун чабуулчу Эрнист Батырканов “Алайдын” дарбазасына таамай багыттап, эсепти 2:1 кылып, “Дордой” командасы артыкчылык кылды. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө эки команда тең чабуулга өтүүгө аракет кылышып, коргонууну жарып өтө албай жатышты. Ошентип оюн 2:1 эсебинде “Дордой” футбол клубунун жеңиши менен аяктады.

-Белгилей кетсек, "Дордой" клубу төртүнчү ирет Кыргызстандын Супер Кубогунун ээси болду. Алар мурда 2012, 2013, 2014-жылдары катары менен Супер Кубокту уткан эле.

Ош шаарыны “Алай” командасы дагы 2017-2018-жылдары удаасы менен эки ирет Супер Кубоктун жеңүүчүсү болгон. Ошондой эле Кочкор-Атанын «Нефтчи» жана Канттын «Абдыш-Ата» командалары дагы бир жолудан Супер кубокту уткан. Бул беттешүүдө “Дордой” футбол клубунун жаш оюнчуларын сыноодон өткөрүп, тажрыйба топтоого басым жасадык. Эми команда кыска мөөнөткө эс алууга кетишти,- дейт Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти жана “Дордой” футбол клубунун вице-президенти Ырысбек Мааткабылов.

Эки команданын курамы
«Дордой»: Матяш, Акматов, Байматов (к), Сагынбаев, Валикаев, Ахмедов,
Мусабеков, Жыргалбек уулу Кайрат, Мурзаев, Оразсахедов.

«Алай»: Макхамов, Умаров, Шаршеев, Талипов, Субанов, Островский, Кельм,
Келвин Инкум, Ахматалиев, Кожо Жоэль, Абдурахманов.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: