Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти.
Мамлекет башчысы саммитке катышуунун алкагында эки тараптуу бир катар жолугушуу өткөрөөрү болжолдонууда.
Эске салсак, Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн эртең менен Нью-Йорктон Бишкекке кайтып келген. 24-26-сентябрда Мамлекет башчысы Нью-Йоркто иш визити менен болуп, БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ