Menu

Атамбаев АКШ менен Россиянын биздин бийликти сындаганын ал өлкөлөрдүн аскер базасы менен байланыштырды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында АКШ жана Россия менен болгон мамиле тууралуу суроого жооп берди.

“Бизди экинчи сорттогу адам катары саноого жол бербейбиз. Менде АКШнын мамлекеттик департаменти жүргүзгөн саясатка эч кандай жылуу сезимим жок, өзгөчө Кыргызстандагы демократия тууралуу. Бирок демократия тууралуу кыйкырып жатышкан. Мен силерге бир мисал келтирейин, баары бир бул тууралуу бардыгына билинет. 2014-жылы биз аларды чыгарып жатканда бизге, адамдарыңар азап чегип калышат дешкен” – деди ал.

Президент Атамбаев “Манас” аэропорту жарандык экенин түшүндүрдү. “Мага кээ бир өлкөлөр ачык эле, эгер керек болсо, биз америкалык самолетторго ракеталарды коё беребиз, анда силердин адамдарыңар жапа чегип калышат”, дешкен.

“Силер билесиңер, алардын ошол эле Иран менен проблемалары болгон. Андан бир аз убакыттан кийин рамаатылык Ислам Каримович “Борбордук Азияда согуш болот” деп билдирген. Анан жылдын аягына чейин үч ай ичинде америкалыктар Каримов режимине 328 бронмашиналарды ар бирин миллиондон берди. Мына демократиянын баасы. Мына АКШнын мамдепартаментинин демократия боюнча сөзү ушунча турат. Мен ошондо аларга, эмнеге ал бронмашиналарды демократияны коргоо үчүн бизге беришкен жок деп айткам”, – деди Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: