Menu

Мирзиёв өлкөнү өнүктүрүү стратегиясын бекитти

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёв 2017-2021-жылдар аралыгында Өзбекстанды беш приоритеттүү багыттар боюнча өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитти.

Документ жүргүзүлүп жаткан реформалардын жигердүүлүгүн арттырууга, мамлекеттин өнүгүшүн тездетүү үчүн бардык шартты камсыз кылууга, жаңылануу жана либералдашуу жараяндарынын жүзөгө ашуусуна багытталган.

Мамлекет башчы физикалык жана юридикалык жактарга кайрылуу иштеринин системасын түп-тамырынан бери жакшыртууга, эл менен ачык диалог куруу механизмдерин жана ыкмаларын иштеп чыгууга, эл алдында отчет берүү тажрыйбасын киргизүүгө жана мунун негизинде калктын бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө басым жасады.

Стратегия беш этап менен ишке ашары айтылууда. Мунун алкагында жыл сайын өзүнчө багыттама кабыл алынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: